21:35 16 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Коом
Кыскача шилтеме алуу
179 0 0

Боролдой суу сактагычы менен экинчи айланма Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралып жатат.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Боролдой суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

  • Первый заместитель председателя Кабинета Министров Айбек Джунушалиев ознакомился с местом строительства планируемого Бурулдайского водохранилища и незавершенными магистральными каналами Большого Чуйского канала
    Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Боролдой суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты.
    © Фото / пресс-служба Кабинета Министров КР
  • Место строительства планируемого Бурулдайского водохранилища и незавершенными магистральными каналами Большого Чуйского канала
    Анда Боролдой суу сактагычы менен экинчи айланма Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды.
    © Фото / пресс-служба Кабинета Министров КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Кабинета Министров КР
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев курулушу пландаштырылып жаткан Боролдой суу сактагычынын жайгашуу орду жана Чоң Чүй каналынын бүтө элек магистралдык каналдары менен таанышып чыкты.

Анда Боролдой суу сактагычы менен экинчи айланма Чүй каналын куруу жана Чыгыш Чоң Чүй каналынын өзөнүн кеңейтүү маселеси каралды. Жыйынтыгында Жунушалиев төмөнкү тапшырмаларды берди:

  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине – жердин топографиялык сүрөттөлүшүн жыйынтыктоо, ошондой эле суу объектилеринин долбоордук-сметалык документтеринин даярдалышын тездетүү;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте айланма Чүй магистралдык каналынын курулуш иштерин жүргүзүү боюнча сунуштарды киргизиши керек;
  • Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясын мындан ары иштеп чыгуу үчүн гидроагрегаттарды орнотуу боюнча сунуштарды киргизип, ошондой эле чакан ГЭСтерди күчтөндүрүү, жаңыларын куруу боюнча иш жүргүзүү зарыл.

Буга чейин өкмөт Орто Чүй каналын куруу жөнүндө чечим кабыл алынганын кабарлаган. Бирок долбоор боюнча кенен маалымат берилген эмес.

Мындан бир ай мурда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги уюштурган пресс-турда Кемин районунда көлөмү 32 миллион кубометр болгон Боролдой суу сактагычын куруу боюнча пландар бар экендигин маалымдалган эле. 

 

 

 

Тема боюнча

2030-жылы катуу суу ташкындары күтүлөт. Окумуштуулар себебин түшүндүрдү
Жок дегенде үйүңүздүн жанындагы даракка суу куюңуз. Бишкек мэриясы элге кайрылды
Белгилер:
Чүй ИИББ, өкмөт, суу, курулуш, Чоң Чүй каналы, суу сактагычы

ЭҢ МААНИЛҮҮ