COVID жуктургандар үчүн Чүй менен Бишкектеги ооруканалардагы бош орундар

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Чүй облусу менен Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандарды дарылап жаткан 19 оорукананын жетөөндө гана орун бар.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн ооруканаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн жети ооруканада 151 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалымат бүгүн, 15-июль, саат 10:00гө карата айтылды.
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 61;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 32;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 23;
  • Улуттук наркология борбору — 14;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 1;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 2;
  • Аскердик госпиталь — 3.
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 5;
Өткөн суткада Кыргызстанда 1 290 кишиден коронавирус табылды. Азыркы тапта 4 813 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0