Сот Москвадагы мушташка катышкан дагы 42 адамды жазага тартты

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Мигранттарды Россиянын аймагынан сыртка чыгаруу маселеси боюнча сот азырынча чечим чыгара элек.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Москванын Кузьминский соту метронун станциясында массалык мушташка катышкан дагы 42 адамды 15 күнгө камакка алды. Бул тууралуу соттун маалымат кызматына таянып РИА Новости жазды.
Демонстрации против расовой дискриминации в США - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Элчилик Москвадагы массалык мушташтын чоо-жайын айтып берди
Кечээ мыйзам бузган алты мигрант 15 күндүк камакка алынган. Алардын баарына жүргүнчүлөргө жана транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жараткан санкцияланбаган митинг жана жүрүштөрдү уюштурган деген айып тагылды.
"200дөй адам катышкан иш-чара улуттар аралык тирешүүнүн негизинде болгон", — деп айтылат соттун маалыматында.
Массалык мушташта мигранттар жолго чуркап чыгышкан. Муну менен алар автоунаалардын жана коомдук транспорттун, жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоолдук жараткан.
Мигранттарды Россиянын аймагынан сыртка чыгаруу маселеси боюнча сот азырынча чечим чыгара элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0