50 тыйындык купюра өзүнөн 9 миң эсе кымбат сатылууда. Себеби

© SputnikКыргызстандын тыйын купюралары. Архив
Кыргызстандын тыйын купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Өзгөчөлөнгөн купюра 2001-жылы чыккан. Анын баштапкы баасы — 4 миң 60 рубль (4 640 сом) деп көрсөтүлгөн.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россиялык интернет-аукциондордун биринде 50 тыйындык купюра сатыкка коюлду.
Маалыматка караганда, ал 2001-жылы чыккан. Баштапкы баасы — 4 миң 60 рубль (4 640 сом) деп көрсөтүлгөн.
Сатуучу мындай жогору баа койгонунун себебин купюра өзгөчө сериядан экенин түшүндүргөн. Тагыраагы, катар номери тетиринче басылган купюра басып чыгаруу учурунда жараксыз болуп калгандардын ордуна колдонулат. Бул сериядагы акчалар саналуу гана көлөмдө басылып чыккандыктан, нумизматтар арасында жогору бааланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0