Министрлик: электр энергиясы эл үчүн быйыл кымбаттабайт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЭлектр эсептегичи. Архив
Электр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Электр кубатынын тарифтерин жогорулатпоо боюнча мамлекет башчы Садыр Жапаровдун сунуш киргизгени айтылды.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун сунушунун негизинде электр энергиясынын тарифтерин келерки жылга чейин кымбаттатпоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты.
"Эл үчүн электр кубатынын тарифтерин 2022-жылдын апрель айына чейин азыркы баасында кармап туруу чечими кабыл алынды. Тоолуу аймакта жашагандар үчүн 700 киловатт-сааттык лимит алып салынат. Электр кубатын колдонгон башка бардык категориядагылар үчүн тарифтерди карап чыгышат", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, апрель айында мамлекет башчы тарифтерди көтөрүү боюнча сунуш киргизген. Бийлик алгач абоненттерди категорияга бөлүүгө ниеттенип, бирок кийинчерээк министрлер кабинети эл үчүн бирдей, киловатт-саатына 1,09 сом кылуу боюнча пикирин билдирген. Жаңы бааларды 2020-жылдын сентябрь айында киргизүүнү пландашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0