10:07 24 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Коом
Кыскача шилтеме алуу
62 0 0

Москва — Тамчы — Москва каттамын "Аэрофлот" авиакомпаниясы дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жумасына үч ирет жүргүзүүнү пландоодо.

БИШКЕК, 14-июл. – Sputnik. Москвадан Ысык-Көлгө жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Москвадан алгачкы каттамды 15-июлда тосуп алмакчы.

Москва — Тамчы — Москва каттамын "Аэрофлот" авиакомпаниясы дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жумасына үч ирет жүргүзүүнү пландоодо.

Маалыматта баа саясатын учууларды ишке ашырган компания ички эрежелерине ылайык аныктай турганы кошумчаланды.

Тема боюнча

"Ысык-Көл" аэропорту Ташкенттен алгачкы туристтерди тосуп алды
Белгилер:
Москва, Ысык-Көл, аба каттам, Аэрофлот

ЭҢ МААНИЛҮҮ