Бейшеналиев: вакцинанын тукум улоого таасирин 5-10 жылдан соң айта алабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековПринесение присяги новыми членами Правительства
Принесение присяги новыми членами Правительства - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Министрдин айтымында, беш жылдан кийин статистиканы (төрөлгөн балдардын — ред.) көрүп анан аныктоо мүмкүн, ага чейин эч ким эч нерсе айта албайт.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцинанын тукумдуулукка тийгизген таасири тууралуу 5-10 жылдан кийин белгилүү болорун билдирди.
Ал учурда дүйнөдө эч бир окумуштуу мунун таасири тууралуу корутунду чыгара электигин белгиледи.
"Вакцина тукумсуздукка алып келеби же жокпу азырынча белгисиз. Балким, тукумдуулукту көбөйтүшү мүмкүн. Бул жаңы вакцина болгондон кийин эч ким билбейт. Дүйнөдөгү окумуштуулар бул боюнча корутундусун чыгара элек. Мен окумуштуу катары айтып коёюн, тукумдуулукка тийгизген таасири боюнча 5-10 жылдан кийин белгилүү болот. Бизде вакцинациялоо башталганына үч ай болду, кыздар төрөш үчүн тогуз ай өтүшү керек. Беш жылдан кийин статистиканы (төрөлгөн балдардын — ред.) көрүп анан айтышыбыз мүмкүн, ага чейин эч ким айта албайт", — деди Бейшеналиев.
Мындан сырткары, ал учурда Кытай жана Россия менен вакцина чыгаруучу биргелешкен завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0