Антителосу канчага жеткен адам вакцина албай койсо болот? Министрдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр здравоохранения и социального развития КР Алымкадыр Бейшеналиев
Министр здравоохранения и социального развития КР Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Министрдин айтымында, Sinopharm алгандан кийин канча антитела иштелип чыгары иликтенип, дарынын 75-80 пайыз эффективдүүлүгү аныкталган.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жарандардын антителасы 3,5-4төн жогору болсо коронавируска каршы вакцина албай койсо болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Аны менен катар министр өлкөдө Sinopharm вакцинасын алгандан кийин канча антитела иштелип чыгары иликтенгенин айтат. Натыйжада Кытай өлкөсү айткандай эле препараттын 75-80 пайыз эффективдүүлүгү аныкталган.
Андан соң депутат Улугбек Садиков вакцина алууга мажбурлоо болуп жатканы тууралуу сураган.
"Бизде эч ким мажбурлаган жок. Садыр Нургожоевич баарыбызга кайрылып, министр, аким, губернаторлордун үлгү көрсөтүп вакцина алуусун суранган. Бул мажбурлоо эмес", — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле министр учурда Кыргызстанда пандемиянын үчүнчү толкуну жогорку чегине жеткенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0