Ысык-Көлгө баргандардан экология үчүн акча алыш керек. Депутаттын сунушу

© Sputnik / Табылды КадырбековБиосферная территория Иссык-Куль
Биосферная территория Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Эл өкүлү Транспорт жана коммуникация министрлигине кайрылып, төлөм киргизиш керек деген пикирин билдирди.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов Ысык-Көлгө баргандардан экология үчүн акча алууну сунуштады.
Ал Ысык-Көлдүн аймагына кирип бараткан жерден экология үчүн төлөм алып, анан өткөрүү керек деп эсептейт.
"Ысык-Көлгө жайы менен барып жатышат, бирок таштанды көп болуп кетүүдө. Аны ошол көлдүктөр өздөрү тазалап жатышат. Андыктан экология, тазалык үчүн төлөм киргизүүнү суранышууда. Ушуну киргизип берип койбойсуздарбы", — деп кайрылды Райымкулов Транспорт жана коммуникация министрлигине.
Буга министрдин орун басары Нурланбек Кайынбеков жооп берип, маселени карап чыгуу керектигин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0