COVID маалында грипп эмнеге жок болуп кетти. Казакстандык адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Густаво Вальенте / Медиабанкка өтүүБет капчан кыз. Архив
Бет капчан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, грипп  — адамды өлүмгө алып келе турган кооптуу тумоолордун катарында турат. Андан жыл сайын дүйнөдө 200 миңдей киши көз жумат.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Казакстандын ооруларды алдын алуу боюнча медициналык академиясынын президенти, иммунолог Алмаз Шарман коронавирус пандемиясы учурунда эмне себептен грипп дээрлик жок болуп кеткенин түшүндүрдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Чындыгында эле грипп дээрлик жок болуп кетти. Анткени көпчүлүк бет кап тагынып калды. COVID-19 жок учурда деле эл бет кап тагынып, грипптен коргонсо дал ушундай эле болмок. Вирус адамдын организминде көбөйөт, ага кире албаса, өзүнөн-өзү жок болот. Ошондой эле кишилер колун тез-тез жууп, гигиенаны катуу сактай баштагандыктан ичеги-карын инфекциялары азайды", — деди дарыгер.
Шармандын айтымында, грипп — адамды өлүмгө алып келе турган кооптуу тумоолордун катарында турат. Андан жыл сайын дүйнөдө 200 миңдей киши каза табат.
Жаңылыктар түрмөгү
0