Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Жунушалиев вакцина алды

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый заместитель председателя кабинета министров Айбек Джунушалиев
Первый заместитель председателя кабинета министров Айбек Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Өлкөдө коронавирус илдетине каршы жапырт эмдөө башталды. Учурда Кыргызстанда вакцина алгандардын саны 140 миңден ашты.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Өлкөнүн министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Биринчи орун басар кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырган.
"Жунушалиев эмдөөнүн жана жамааттык иммунитеттин пайда болушу абдан маанилүү экендигин белгилеп, жарандарды эмдөөгө катышууга чакырды", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда республикада калкты COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өткөрүү кампаниясы кызуу жүрүп баштады. Өлкөнүн президентинин администрациясынын, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери вакцина алууда.
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин соңку маалыматына ылайык, өлкөдө жалпысынан 140 922 бейтап коронавируска каршы эдөөдөн өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0