Ош шаарында коронавируска каршы 47 эмдөөчү жай ачылды. Даректер

© VYACHESLAV OSELEDKOВакцинации "Спутник V" в Бишкеке
Вакцинации Спутник V в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Вакцина алууну каалаган жаран эмдөө пунктуларына кайрылууга укуктуу. Болгону жанында паспорту болушу керек.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ош шаарында коронавируска каршы эмдөө жүргүзгөн 47 борбор ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, эмдөө жайлары жарандарды 13-июлдан тарта кабыл ала баштады. Вакцина алгысы келген адамдын жанында паспорту болушу керек.
Эмдөө жайларынын даректери:
  • №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10 жана 11-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору;
  • Ош мамлекеттик университетинин дарылоо пункту;
  • "Аэропорт" авиашаарчасы;
  • "Алмалык", "Пятилетка", "Сулайман-Тоо", "Озгур", "Беш-Калпак" ФАПтары;
  • Сай, Орке, Тээке, Арек, Төлөйкөн, Жапалак айылдарындагы ФАПтар;
  • Гагарин, Алтыбаев, №27 Партсъезд жана Горький атындагы мектептер;
  • Ош шаарынын борбордук базары, "Фрунзе" жана "Келечек" кичи базарлары;
  • "Глобус", "Фрунзе" дүкөндөрү;
  • Амир-Тимур аймагында жайгашкан почтада ачылды.
Эске салсак, 11-июлдан бери Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен массалык эмдөө жүргүзүлүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0