Бельянинов: кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүгө эки нерсе жардам берет

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүГенеральный секретарь Ассамблеи народов Евразии Андрей Бельянинов
Генеральный секретарь Ассамблеи народов Евразии Андрей Бельянинов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Өткөн жумада, 9-июлда, Евразия элдеринин башкы ассамблеясынын жыйыны өтүп, анда төрт жылда жасалган иштер талкууланып, келечек пландар сунушталды.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоого жана тынчтык келишимдерин түзүүгө "жумшак күч" менен элдик дипломатия жардам бере алат. Бул тууралуу Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы, РФтин эмгек сиңирген экономисти Андрей Бельянинов билдирди.
Ал "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн диалогу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү жолдору" деп аталган Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан — Бишкек видеокөпүрөсүнүн алкагында сүйлөдү.
"Эл тынчтыкта жашагысы келет. Мен Кыргызстанда да, Тажикстанда да болгом. Жолдун бир тарабында кыргыздар, экинчи тарабында тажиктер жашайт. Бул жол чек ара болуп калганына эч ким күнөөлүү эмес. Менимче, чек араны тактап мыйзамдаштырууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө "жумшак күч" менен элдик дипломатия жакшы жардам бермек", — деди Бельянинов.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
УКМК: кыргыз-тажик чек арасында эки эл бири-бирин ташка алды
Ал мындай кырдаалда "сүйлөшүүгө отуруп, саясатчылар кимиси эмнени туура эмес жасаганын талкуулашы керектигин" белгиледи.
Эскерте кетсек, өткөн жумада, 9-июлда, Евразия элдеринин башкы ассамблеясынын жыйыны өтүп, анда төрт жылда жасалган иштер талкууланды.
Евразия элдеринин ассамблеясы — бул евразиялык интеграцияга ыктап, тынчтыкты сактоо, достукту, ынтымакты бекемдөө боюнча иш алып барган бейөкмөт уюмдар менен жарандардын эл аралык союзу.
Жаңылыктар түрмөгү
0