14-июлда Бишкектин бир нече көчөсүндө жарык өчүрүлөт. График

© Photo / pexels / PixabayОтключение света в КР
Отключение света в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Монтаждоочу топ жабдууларды оңдойт жана трансформатордук көмөк чордондордун ишин жөнгө салат.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. 14-июлда Бишкек шаарынын бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Энергетиктер чубалгыларга тоскоолдук жараткан дарактарды бутап, жабдууларды оңдошот.
Жарык өчө турган аймактар:
  • 9:00дөн 17:00го чейин — Сагынбай манасчы көчөсүндөгү №221 үйдө, Фучик көчөсүндөгү №20 үйдө, 10-кичи районундагы №10 үйдө;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Кызыл-Кыя, Власов, 9-январь, Ден Сяопин, Патрис Лумумба, Дархан, Измайлов жана Саруу кууш көчө бөлүктөрүндө. Ошондой эле Ак-Босого (Чүй 5 көчөсү, Чүй 6 көчөсү), Ала-Тоо (Ала-Тоо, Ак-Булак, Орто-Арык, Ак-Кыя, Улук-Тоо, Сынташ, Кара-Сай көчөлөрүндө), Арча-Бешик (Чортеков, Күйүкова, 19-линия, Бах көчөлөрүндө) жана Ала-Арча (Матисаков көчөсү) конуштарында свет өчөт;
  • 9:30дан 15:00гө чейин — Скрябин, Матросов көчө бөлүктөрүндө жана Елецкий кууш көчөлөрүндө;
  • 9:30дөн 18:00гө чейин — Елебесов, Фирсов, Васильев, Гражданский көчө бөлүктөрүндө жана Кара-Жыгач кууш көчөсүндө, мындан сырткары, Чүй проспектиндеги №115, 117 жана 119 үйлөрүндө. Ошондой эле Эне-Сай, Дордой, Дордой-2 жана Келечек конуштарында жарык болбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0