БУУнун качкындар боюнча комиссариаты Кыргызстанга жардам берерин билдирди

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев аталган уюмдун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди менен жолугушту
Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев аталган уюмдун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Тараптар Кыргызстан менен БУУнун комиссариатынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев аталган уюмдун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди менен жолугушту. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Тараптар Кыргызстан менен БУУнун комиссариатынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
"Өлкөдөгү долбоордук иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле качкындардын, баш калка сурагандардын укуктарын коргоо жана жарандыгы жок жүргөндөрдү алдын алуу жаатындагы кызматташуу тууралуу кеп козголду. Ушул жагдайда Бейшеналиев БУУнун качкындар иштери боюнча комиссариаты өлкөнүн компетенттүү органдары менен биргеликте табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн техника жана жабдуулар менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Бул качкындар жана өлкө ичинде жер которгон адамдарга лагерь, талаа госпиталдарын ачуу максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде жогорку комиссар Кыргызстанга ар тараптуу техникалык, эксперттик жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеп, Бейшеналиевдин сунуштарын кылдаттык менен карап чыгарын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0