1 292 кишиден COVID табылып, 10 бейтап көз жумду. Соңку статистика

© Sputnik / Георгий ЗимаревОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Илдет илештиргендердин көбү дагы эле Бишкекте. Мындан сырткары, Жалал-Абад, Баткен облустарында да 100дөн ашык адамдан коронавирус табылган.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 1 292 кишиден коронавирус табылып, 923 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 720;
  • Ош – 38;
  • Чүй облусу – 196;
  • Ош облусу – 31;
  • Талас облусу – 16;
  • Нарын облусу – 23;
  • Ысык-Көл облусу – 49;
  • Жалал-Абад облусу – 101;
  • Баткен облусу – 118.
Жалпысынан Кыргызстанда 142 270 адам илдет илештирген. Анын ичинен 119 694ү ооруну жеңген.
Айыккандар:
  • Бишкек – 526;
  • Ош шаары – 83;
  • Чүй облусу – 117;
  • Ош облусу – 46;
  • Талас облусу – 20;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 50;
  • Баткен облусу –59.
Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Министр: элдин 70 пайызы вакцина алганда мектептер кадимки тартипте окуй баштайт
Кечээтен бери өлкөдө 10 бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Анын ичинен жетөө Бишкекте, Чүйдө бирөө, Ысык-Көлдө бирөө жана Ош облусунда бир өлүм учуру катталган. Пандемия башталгандан бери оору 2 123 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта ооруканаларда 4 587 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 352 бейтаптын абалы оор болсо, 219 кишиники өтө оор деп бааланды. Бир суткада 36 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0