Эмдөөдөн өткөндөр да маска тагынышы керекпи? Иммунолог эмне дейт

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүБет капчан кыздар. Архив
Бет капчан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Дарыгер эмделгендер вирус менен симптомсуз формада ооруй турганын, анан вирусту алып жүрүүчү экенин билбей эл менен байланышта болуп алышы мүмкүндүгүн айткан.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Вакцина алгандар коронавирустун "укмуш тараткычы" болгондуктан сөзсүз бет кап тагынып жүрүшү керек. Бул тууралуу РИА Новости аллерголог-иммунолог Владимир Болибокко таянып жазды.
Анын айтымында, эмдөөдөн өткөндөр такыр оорубайт деген кепилдик жок, бирок ооруну иммунитет көтөрө алат.
"Вакцина сайдыргандар көбүнчө симптомсуз формада ооруп, вирустун алып жүрүүчүсү болуп эсептелинет. Муну өзү билбегендиктен көп кишиге жуктуруп алышы мүмкүн", — деген Болибок.
Иммунолог белгилегендей, оорулуу менен түз байланышта болгондо коргоочу маска жуктуруу мүмкүнчүлүгүн болжол менен 25 эсе азайтат.
Ал эми вирусту алып жүргөн адам бет кап тагынса айланадагыларды төрт эсе коргой алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0