Адис ооруп айыккан жана эмделгенден кийинки иммунитеттин айырмасын айтты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКоронавируска каршы вакцина. Архив
Коронавируска каршы вакцина. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Эпидемиолог эмделген адам ооруну жуктуруп алган учурда дагы жеңил көтөрөрүн жана өлүп калуу тобокелдиги өтө төмөн экенин билдирди.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. COVID-19га вакцина алгандан соңку жана ооругандан кийинки иммунитеттин айырмасы болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине эпидемиолог Ольга Ненастина айтып берди.
"Ооругандан кийин табигый жол менен пайда болгон иммунитет вируска тез реакция кылат. Анткен менен ал организмди коронавирустун мурда ооруган штаммынан гана сактай алат. Ал эми эмдөө жолу менен пайда болгон иммунитет вирустун бардык түрлөрүнө каршы иштөөгө үйрөтүлгөн. Жадагалса жаңы штаммдардан дагы сактай алат", — деди эпидемиолог.
Ошондой эле изилдөөлөр антителолор ооруп айыккандарга караганда эмделгендерде көбүрөөк экенин көрсөтүп жатканы айтылат.
Рок концерт в Барселоне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Инфекционист коронавирустун башкы максатын айтып берди
"Коронавирус менен күрөшкөндөн кийин организм кадимкидей чарчап, "душманга" тийиштүү жооп бере албай калышы ыктымал. Ал эми эмделген адамдын иммунитети алты айдан кийин дагы вируска туруштук бере алат", — деди Ненастина.
Сөзүнүн аягында адис эмделген адам ооруну жуктуруп алган учурда дагы жеңил көтөрөрүн жана өлүп калуу тобокелдиги өтө төмөн экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0