Кыргызстандык абитуриенттер россиялык ЖОЖго түйшүксүз өтө алат

© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университетаибирь федералдык университетинин кампусу. Архив
ибирь федералдык университетинин кампусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Кыргызстандык студенттер Сибирь федералдык университетине (СФУ) дистанциялык түрдө тапшыра алат. Ал Россиянын чыгыш тарабындагы эң ири окуу жай.
Окуйм деген далалаты болсо биринчи курстарды жакшы колдоого алышат. Бул документтерди тапшыруудан тарта жолго кеткен акчаны кайтарып берүү жана медициналык камсыздандырууну камтыйт. Бул туурасында аталган ЖОЖдун маалымат кызматынан кабарлашты.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаРоссиянын Красноярск аймагындагы Сибирь Федералдык Университети
Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Россиянын Красноярск аймагындагы Сибирь Федералдык Университети

Окууга өтүү оңой: ЖОЖдун эшиги дайыма ачык

СФУ өкүлдөрүнүн айтымына караганда, кирип жаткандагы сынактар менен документтерди онлайн тартибинде берсе болот: зарыл документтердин баарын сүрөткө тартып же сканерлеп жиберген жетиштүү.
ЖОЖдун Бишкек шаарындагы тармактар боюнча багыт берген борборунан адистиктерди тандоо боюнча кеп-кеңеш алса болот. СФУнун кызматкерлери сайттын стистемасында жеке кабинетти ачууга жана тиешелүү документти сканерлөөгө көмөктөшөт.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаСФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит
Руководитель Департамента международного сотрудничества СФУ Анна Мезит - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит
"Учурда катталып, андан соң онлайн тартибинде документтерди жана экзамен тапшырууга болот. Абитуриент сынактан өтүү убактысын өзүнө ылайыктуу сааттарда тандап алат. Система саат 10:00дөн тарта атайын жүгүртмө менен ачык болот. Убакыт боюнча айырманы эске алып, балдарга түшүнүү менен мамиле жасап жатабыз. Башкысы ал шашпай, толкунданбай, болушунча ылайыктуу шартта экзамен тапшырып алышы керек", – деген СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит.
Университетте түз телефондор жана колдо көрсөтүү боюнча атайын чат иштейт. Анда абитуриенттерге ЖОЖго катталууга, зарыл болгон документтерди толтуруп, жиберүүгө көмөк көрсөтүлөт. Эгерде биринчи курстун студенти өзүнүн сайттын системасындагы жеке кабинетине кайсы бир маалыматты калтырууну унутуп калса, ага сөзсүз байланышка чыгышат. Россияга жиберер алдында абитуриентке ал жакка баруунун жол-жобосун, эрежелерин түшүндүрүп беришет.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаСФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева
Студентка четвертого курса Политехнического института СФУ Раида Токтоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева
"Негизинен документтер боюнча түйшүк болушу мүмкүн. Бирок мага бардыгын түшүндүрүп берген кураторду жиберишти. Ал миграциялык кагаздарды толтуруу, каттоого туруу, аны канча убакытта жасап берери, даяр болгондорун кантип алып кетүү туурасында майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берди", – деди СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева.
Кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууга россиялык студенттердей эле мүмкүкүнчүлүккө ээ болот. Ал эми акча төлөп окуган студенттер үчүн жеңилдик берген системалар каралган. Университеттен адам окугусу келген жакка тапшыруу керектигин жана окуу жай таланттуу студенттерге көмөк көрсөтүүгө дайым даяр экендигин айтышты.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаСФУда кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууда россиялык студенттердей эле мүмкүнчүлүккө ээ болот.
Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
СФУда кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууда россиялык студенттердей эле мүмкүнчүлүккө ээ болот.

Кантип келип, досторду кандай таап, камсыздандырууну кантип кылса болот

Стипендия мүмкүнчүлүгүнөн сырткары СФУга тапшырган кыргызстандыктарга ЖОЖдун өзүнүн ар кыл бонустары да каралган. Анын ичинде окуй турган жерге чейинки жол кирени (15 миң рубль) кайтарып берүү бар.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаРаида Токтоева: биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым.
Студентка четвертого курса Политехнического института СФУ Раида Токтоева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Раида Токтоева: биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым.
"Биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым. Ал илимий изилдөөгө жана коомдук иштерге берилген 23 миң сом эле. Кийинчерээк коомдук ишке гана аралашып, 14 миң ала баштадым. Бул менин бир айлык эң зарыл деген чыгымдарымды жабат. Билгениме караганда, ар бир тармактагы ишмердүүлүк үчүн 10 миң рубль которулат. Бул илимий, коомдук, чыгармачыл жана спорт багыты болушу мүмкүн", – деп түшүндүрдү Токтоева.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаСФУда билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт. Окуу корпустарынан сырткары дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында.
Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
СФУда билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт. Окуу корпустарынан сырткары дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында.
Мезит ата-энелердин баласын алыска жөнөтүп жатканда кабатыр болгонун түшүпү турганын айткан.
"Биз баласын үйүнөн алыс жиберип жаткан, биринчи курстун студенттеринин ата-энелерин жакшы түшүнөбүз. Кабатырланып, өзгөчө баласынын ден соолугун көп ойлошот. Андыктан, жакшы, толук кандуу полисти компенсация кылып беребиз, ага үнөмдөп кереги жок", – деди Мезит.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаСФУнун чет элдик студенттер менен өзүнчө департаменти бар. Алар адаптацияга өтө көңүл бурушат.
Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
СФУнун чет элдик студенттер менен өзүнчө департаменти бар. Алар адаптацияга өтө көңүл бурушат.
Чет элдик студенттер менен ЖОЖдун өзүнчө департаменти иштейт. Адаптацияга өтө көңүл бурушат.
"Эл аралык департаменттин түзүмүндө чет элдик студенттерди адаптация кылуу боюнча социалдык-маданий бөлүм иш алып барат. СФУда Элдердин достугу борбору иштейт, ал башка өлкөлөрдөн келген студенттердин союзу. Чет элдик бардык студенттер ачык жана тез достошуп кетишет. Жогорку курстагылар кийинкилерге активдүү жардам беришет. Жакында балдар аэропорттон өз өлкөсүнүн делегацияларын тосуп алышты", – деген Мезит.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаСФУда каалаган багытты тандап алып, студент өзүн көрсөтүп, мүмкүнчүлүгүн сынай алат. Маселен, сүрөтчү болгусу келсе, медиамектеп бар.
Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
СФУда каалаган багытты тандап алып, студент өзүн көрсөтүп, мүмкүнчүлүгүн сынай алат. Маселен, сүрөтчү болгусу келсе, медиамектеп бар.
Биринчи курстагы чет элдик студенттер үчүн орус тилин үйрөткөн бекер курс бар. Андан сырткары, экскурсия, чыгармачылык жана башка багыттагы иш-чаралар алардын жаңы келген жерге көнүшүнө, жаңы досторду табуусуна жакшы жардамчы болот.
Ар бир институтта тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ал эми ар бир жатаканада тьюторлор иш алып барат.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаБүгүнкү күндө Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда.
Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бүгүнкү күндө Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда.

Жашаган жай, инфраструктура жана бош убакыт

СФУнун студенттик шаарчасы экологиялык таза райондо жайгашкан.
"Университетте коридор жана батир тибиндеги жатакана бар. Чет элдик студенттердин көбү жаңы типтеги имараттарда экиден турушат. Окуу жайдын жатаканасында жашоонун баасы 1500 рубль", – деди Мезит.
Ал жай 11,5 миң студентке эсептелген. Бул жерден чет мамлекеттен жана чет жактагы шаарлардан келип окуган студенттердин бардыгына орун табылат.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаСибирь Федералдык Университети Россия мыкты 20 университетинин катарына кирет.
Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сибирь Федералдык Университети Россия мыкты 20 университетинин катарына кирет.
"Биринчи курста коридор тибиндеги жатаканада жашадым. Азыр эң жаңы делген имараттардын биринде турам, бирок мурдагы жайыма кайтып барууга каршы эмес элем. Себеби эскирээк болгону менен анда студенттик маанай дароо сезилет. Жаңы жерде алар менен сейрегирээк кездешесиң", – деген Токтоева.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаСФУдагы экскурсия, чыгармачылык жана башка багыттагы иш-чаралар алардын жаңы келген жерге көнүшүнө, жаңы досторду табуусуна жакшы жардамчы болот.
Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
СФУдагы экскурсия, чыгармачылык жана башка багыттагы иш-чаралар алардын жаңы келген жерге көнүшүнө, жаңы досторду табуусуна жакшы жардамчы болот.
Билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт, тагыраагы, дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында. Бардык конференция менен иш-чаралар, майрамдар өткөн жай кол сунсаң жеткидей жерде. Бир нече бассейн, гольф талаасы, лыжа тепкен комплекс жана китепкана да өтө алыс эмес.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаБир нече бассейн, гольф талаасы, лыжа тепкен жай - спорт комплекс өтө алыс эмес.
Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бир нече бассейн, гольф талаасы, лыжа тепкен жай - спорт комплекс өтө алыс эмес.
"Көптөрдүн ичинен СФУну тандап алганымдын себеби бул жерде жаштар үчүн жакшы нерселер бар. Каалаган багытыңды тандап алып, өзүңдү көрсөтүп, сынап көр. Сүрөтчү болгуң келеби? Медиамектепке кел. Алып баруучулукка кызыксаң, ал үчүн да атайын курстар иштейт. Кыскасы, бул жерде каалаган нерсеңе үйрөнсөң болот", – деп айтып берди Токтоева.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаСибирь Федералдык Университетинде кыргызстандык 140 студент билим алат.
Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Сибирь Федералдык Университетинде кыргызстандык 140 студент билим алат.

Бүгүнкү университет

Бүгүн Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда. Алардын ичинен 140 студент Кыргызстандан барган. Жыл сайын КМШ мамлекеттеринде билим берүү көргөзмөлөрү жана тестирлөө өтүп турат. Анда СФУ өкүлдөрү абитуриенттерди ЖОЖдун мүмкүнчүлүгү менен тааныштырат.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального УниверситетаРейтинг боюнча иш алып барган Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) агенттиктеринин версиясы боюнча, СФУ мыкты делген 1000 ЖОЖдун катарында турат.
Сибирский федеральный университет (СФУ) в Красноярске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Рейтинг боюнча иш алып барган Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) агенттиктеринин версиясы боюнча, СФУ мыкты делген 1000 ЖОЖдун катарында турат.
Рейтинг боюнча иш алып барган Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) агенттиктеринин версиясы боюнча, СФУ мыкты делген 1000 ЖОЖдун катарында турат. Физика жана инженердик-техникалык илимдер боюнча 801-орунда турат. Ал эми Россия ичинде мыкты 20 университеттин катарына кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0