Бишкекте жана анын четиндеги ооруканаларда 255 орун бар. 18:00гө карата маалымат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Күндүзгүгө караганда койкалардын саны азайган. Бейтаптар бош койкалардын көбүн Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинен таба алат.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги стационарларда коронавирус менен ооругандар үчүн 255 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалымат бүгүн, 12-июль, саат 18:00гө карата берилди.
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 4;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 16;
  • № 1 шаардык клиникалык оорукана — 6;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — 3;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 6;
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 3;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 6;
  • Улуттук наркология борбору — 10;
  • Аскердик госпиталь — 4;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 66;
  • Улуттук госпиталдын терапия бөлүмү — 6;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 97;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 18;
  • Фтизиатрия борбору, КММАнын №6 жатаканасы — 10.
Өткөн суткада өлкөдө 1 330 адамдан коронавирус табылып, 763 бейтап айыкты. Тилекке каршы, кечээтен бери оору 11 адамдын өмүрүн алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0