Кытай элчилиги: КР элинин 70 пайызы эмделсин деген талап коюлган эмес

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКытайыдн Кыргызстандагы элчилиги. Архив
Кытайыдн Кыргызстандагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кыргыз-кытай чек арасынан өткөн жүктүн көлөмүн көбөйтүү үчүн коңшу өлкө КР жарандарынын 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алсын деген маселени коюп жатканын айткан.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кытай чек арадан жүк өткөрүүнү көбөйтүү үчүн Кыргызстандын элинин 70 пайызы коронавируска каршы эмделиши керек деген маселени койгон эмес, бул маалымат фейк. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин расмий сайтында жазылды.
"Кытайдын өкмөтү "элдин жашоосу баарынан жогору" деген принципти кармап, өз аймагында вакцинацияга үгүттөйт. Ал эми башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү эл аралык мамилелердин талаптарына жооп бербейт деп эсептегендиктен, башка мамлекетке калкын эмдөө боюнча талаптарды кое албайт. Буга чейин КРдин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кытай тарап Кыргызстан элинин 70 пайызы эмдөөдөн өткөрүү маселесин коюп жатат деп айтканы чындыкка туура келбейт", — деп айтылат билдирүүдө.
Казакстан коронавируска каршы QazVac вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес
Ошондой эле Кытай тарап кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пунктуларынан жүк алып өтүү боюнча бир катар аракеттерди көргөн соң автоунааларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү кеңейгени айтылат.
Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев кыргыз-кытай чек арасынан өткөн жүктүн көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдө коңшу өлкө Кыргызстандын жарандарынын 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алсын деген маселе коюлганын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0