Пандемия шартындагы туризм. Өкмөт бир катар тапшырмаларды берди

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКөл жээгинде бараткан кыз. Архив
Көл жээгинде бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Маалыматка карганда, эл аралык адистер пандемия учурунда эң катуу жабыр тарткан тармактардын сап башына туризмди алып чыгышкан.
БИШКЕК, 12 июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова пандемия шартында туризм тармагын калыбына келтирүү жана мындан ары өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйында айтылгандарга караганда, эл аралык адистер пандемия учурунда эң катуу жабыр таркан тармактардын сап башына туризмди алып чыгышкан.
Бакашованын айтымында, тармакты бутуна тургузуу үчүн бир катар аракеттер көрүлүүдө. Алардын негизгиси жарандарды, өзгөчө конокторду тосуу менен алектенген мекемелердин кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү болуп эсептелет.
Рабочая поездка президента КР Садыра Жапарова в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Кытай жүк ташууну көбөйтүү үчүн КР калкынын 70%ы эмделиш керектигин айтууда
Маалымат кызматынан кабарлашкандай, Ысык-Көл облусунда рейддер жүргүзүлүп, жыйынтыгында туристтер менен иштешкен тогуз мекеменин жетекчилигине айрым эрежелер сакталбагандыгы үчүн айып салынды.
Кеңешменин жыйынтыгы менен мамлекеттик органдарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
Экономика жана финансы министрлигине — туризм тармагын калыбына келтирүү жана өнүктрүү. Бул жааттагы ишкерлер менен иштешип, COVID-19ду алдын алуу боюнча эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине — чет элдик жана жергиликтүү туристтердин өз учурунда ПЦР-анализ тапшыруусуна мүмкүнчүлүк түзүү;
Тышкы иштер министрлигине — чет элдик туристтерге электрондук түрдө виза берүү системасынын ишин жакшыртуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0