Россия БУУ программасынын алкагында Кыргызстанга кезектеги жардамын көрсөттү

© Фото / пресс-служба представительства ВПП ООНРоссия БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында Кыргызстанга кезектеги жардамын көрсөттү
Россия БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында Кыргызстанга кезектеги жардамын көрсөттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлчүлүгү Россия Кыргызстан үчүн карыжылык да, техникалык да көмөк көрсөтүүдө ири донор экенин белгилеген.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россия БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагында Кыргызстанга кезектеги жардамын көрсөттү. Бул тууралуу эл аралык уюмдун КРдеги өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, жардам жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында берилген.
Өкүлчүлүктүн Ош шаарындагы кампасына Россияда өндүрүлгөн 945 тонна байытылган ун түшүрүлдү. Ал өлкөдөгү 31 500дөн ашуун жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратылат.
"Ар бир үй-бүлөгө эң керектүү азык катары 150 килограммдан байытылган ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет. Кээ бир долбоорлор ирригациялык тармактарды жана айдоо жерлерин кабылына келтирүүгө, токойлордун аянтын кеңейтүүгө, көпүрө жана дренаждык тутумдарды курууга багытталат. Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү үчүн жалпысынан 500дөн ашуун долбоор ишке ашырылат", — деп айтылат маалыматта.
Өсүмдүк майы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Россия 365 тонна суу майды Кыргызстанга жардам катары берди
Россия БУУнун аталган программасынын Кыргызстанга каржылык да, техникалык да көмөк көрсөтүүдөгү ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылда Россия өкмөтү Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстандын жарандарына ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Россия Федерациясынын колдоосу менен БУУнун аталган программасы пандемия тушунда да ишмердүүлүгүн улантып келгени белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0