ЖК депутаты калкты милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү керек деп эсептейт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Депутат учурда коронавируска каршы эмдөөгө каршы фейк жаңылыктар көп экенин жана сапаттуу маалымат жеткирүү жагы аксап жатканын айтты.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова калкты массалык түрдө вакцина алууга милдеттендирүү керек деп эсептейт.
Ал аймактык эксперттердин "Пикир" деп аталган  клубунун онлайн-аянтчасындагы "COVID-19дун Кыргызстандагы үчүнчү толкуну: калк жана мамлекет үчүн жаңы чакырыктар жана тобокелдиктер" конференциясына катышты.
Депутат учурда эмдөөгө каршы фейк жаңылыктар көп экенин жана сапаттуу маалымат жеткирүү жагы аксап жатканын айтты.
"Адам укуктары тууралуу канча кыйкырып чыгышса дагы милдеттүү түрдө вакцина алдыруу боюнча аракеттер көрүлүшү керек", — деди Строкова.
Учурда Кыргызстанда калкты коронавируска каршы эмдөө иштерине активдүү даярдык башталды. Жакынкы күндөрү президенттик аппаратта, министрлер кабинетинде иштегендерден тарта айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине чейин вакцина ала турган болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0