Министр: элдин 70 пайызы вакцина алганда мектептер кадимки тартипте окуй баштайт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМектептеги окуучулар. Архив
Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Министрлик августтун ортосуна чейин 1 миллион 250 миң кишини  эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат. Кыргызстанда калктын 70 пайызын эмдөө үчүн 2 миллион 137 миң адам вакцина алышы керек.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Калктын 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алганда мектептер мурдагыдай, кадимки тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 130 миң адам коронавируска каршы вакцина алды.
"Министрлик августтун ортосуна чейин 1 миллион 250 миң адамды эмдөөнү пландап жатат. Кыргызстанда калктын 70 пайызы эмделиши үчүн 2 миллион 137 миң адам  вакцина алышы зарыл. Бул процессти өкмөт, президент өз көзөмөлүнө алды. 1-сентябрга чейин Кытай, Россиядан дагы вакцина алалы деп жатабыз. Калктын 70 пайызы эмделип, коллективдик иммунитет пайда болгондо гана мурдагы жашоого кайтып, мектептерде окуучулар да кадимки тартипте окуй баштайт", — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, 11-июлда өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, калкты массалык түрдөө эмдөө башталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0