СOVID: Бишкекте жана калаа четиндеги ооруканаларда 200дөн ашуун орун бар

© Sputnik / Павел ЛисицынОткрытие первого детского хосписа в Уральском федеральном округе
Открытие первого детского хосписа в Уральском федеральном округе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Бош орундардын көбүн Воронцовка айылындагы Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунан табууга болот.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 14 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 227 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалымат бүгүн, 12-июль, саат 08:00гө карата берилди.
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 3;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 9;
  • № 1 шаардык клиникалык оорукана — 21;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — 1;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 5;
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 8;
  • Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталы — 5;
  • Улуттук наркология борбору — 10;
  • Аскердик госпиталь — 5;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 53;
  • Улуттук госпиталдын нейро корпусу — 10;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 39;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 17;
  • Фтизиатрия борбору, КММАнын №6 жатаканасы — 31.
Өткөн суткада өлкөдө 1 330 адамдан коронавирус табылып, 763 бейтап айыкты. Тилекке каршы, кечээтен бери оору 11 адамдын өмүрүн алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0