21:09 16 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Коом
Кыскача шилтеме алуу
68 0 0

Окуу жайларга техника министрликтин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында жеткирилди.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы сегиз колледж жалпы суммасы 883 677 доллар болгон компьютер жана кеңсе техникасы менен камсыздалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Техника министрликтин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында жеткирилди.

  • Компьютерная и офисная техника которой оснастили восемь колледжей в Кыргызстане
    Кыргызстандагы сегиз колледж жалпы суммасы 883 677 доллар болгон компьютер жана кеңсе техникасы менен камсыздалды
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР

    Долбоор аркылуу колледждердин базасында сегиз Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн
    © Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КР
Кыргызстандагы сегиз колледж жалпы суммасы 883 677 доллар болгон компьютер жана кеңсе техникасы менен камсыздалды

Долбоор аркылуу колледждердин базасында сегиз Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлгөн:

  • Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи;
  • ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи;
  • Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык инновациялар жана экономика колледжи;
  • Скрябин атындагы КУАУнун Токмок агроэкономикалык колледжи;
  • Нааматов атындагы НМУнун Агроэкономикалык колледжи;
  • Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи;
  • Индустриалдык-педагогикалык колледж;
  • ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи.

Алдыңкы тажрыйба борборлоруна санариптик инновациялык окутуу үчүн кеңсе жана компьютердик жабдуулардын 7 148 предмети, окутуучулар жана студенттер үчүн лэптоптор, компьютердик жабдуулар, КФК, принтерлер, акустикалык жана радиосистемалар, видеокамералар жана телевизорлор берилген.

Ошондой эле жатаканалардагы жашоо шартты жакшыртуу максатында медициналык бөлмөлөр үчүн жабдуулар, муздаткычтар, LED экрандар жана башкалар алынды.

Тема боюнча

Билим сапатын жакшыртуу керек. Колледж мугалимдери окутула баштады
Белгилер:
Кыргызстан, Билим берүү жана илим министрлиги, колледж, техника, компьютер, камсыздоочулар

ЭҢ МААНИЛҮҮ