Кыргызстанда былтыр балдар аз төрөлүп, адам өлүмү көбөйдү. Статистика

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваТөрөт үйүндө жаңы төрөлгөн балдар. Архив
Төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Соңку убакта калктын санынын өсүү темпи жылына 2-2,1 пайыз болуп турган. 2020-жылы бул көрсөткүч 1,7 пайызга түшүп кетти.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Улуттук статистика комитети былтыр Кыргызстанда калктын санынын өсүү темпи төмөндөп кеткени тууралуу маалыматты жарыялады.
Билдирүүгө ылайык, соңку убакта калктын санынын өсүү темпи жылына 2-2,1 пайыз болуп турган. Бирок 2020-жылы бул көрсөткүч 1,7 пайызга чейин түшүп кеткен.
Буга COVID-19 оорусуна байланыштуу адам өлүмү көбөйгөнү, төрөлгөн балдардын саны азайганы олуттуу таасир эткени айтылат. 2019-жылы 173,5 миң бала төрөлсө, өткөн жылы 158,1 миң ымыркай жарык дүйнөгө келген.
Көчөдө бараткан кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда 8 жылга узак жашайт. Статистика
Мындан сырткары, эпидкырдаалдан улам өзгөчө абал жарыяланган бул убакта эки айдай туулгандыгы, каза болгондугу, никеге турганы жана ажырашкандыгы тууралуу расмий органдардан күбөлүк берилбегени кыскаруунун бир себеби болгону белгиленет.
2021-жылдын башында Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миң адамды түзгөн. Алардын 66 пайызы айылда, 34 пайызы шаарда жашайт. Ошондой эле эркектер калктын 49,6, аялдар 50,4 пайызын түзөрү айтылат.
Аны менен катар өлкөдө никеге турганга чейинки куракта (15-17) төрөгөн кыздардын басымдуу бөлүгү Талас жана Чүй облустарында катталганы жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0