Смартфон жай иштеп калбаш үчүн эмне кылуу керек. Адистин кеңеши

© Фото / Pixabay / congerdesignИспользование смартфона в повседневной жизни
Использование смартфона в повседневной жизни - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Зыяндуу тиркемелер телефонго коргоочу программалар коюлбаган учурда кирет дагы анын иштешине тоскоол болот.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Смартфон жай иштеп калган учурда андан зыянкеч программаларды дароо өчүрүү керек. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине "Инфосистемы Джет" компаниясынын Маалыматтык коопсуздук борборунун адиси Екатерина Рудая билдирди.
Анын айтымында, зыяндуу тиркемелер телефонго коргоочу программалар коюлбаган учурда кирет.
"Бейрасмий же күмөн санаткан тиркемелерди смартфонго көчүрбөй эле койгон туура. Адатта алар иштээрден мурда галереяга, микрофонго, камерага, номерлер сакталган китепчеге уруксат сурашат. Колдонуучу ага макулдугун берип коёт да, бара-бара телефондун иштеши жайлай берет. Андыктан телефонго антивирустук программа коюп, аны маал-маалы менен иштетип туруу керек", — деди адис.
Ошондой эле Рудая бардык тиркемелерди App Store же Google Play сыяктуу расмий дүкөндөрдөн көчүрүүнү сунуштайт. Анын айтымында, тиркемелер буларга жүктөлөрдөн мурда бир нече ирет текшерүүдөн өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0