Ош шаардык кеңешин шайлоодо 4 партия алдыда баратат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогундагы адам
Шайлоо участогундагы адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Ош шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга сегиз партия ат салышты. Учурда АСУ добуштардын 70.61 пайызын санап бүттү.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Ош шаардык кеңешине төрт партия өттү.
Автоматтык эсептөөчү урнадан онлайн түрүндө түшүп жаткан маалыматка ылайык, төмөнкү партиялар алдыда бара жатат:
  1. "Ата-Журт Кыргызстан" — 32.61;
  2. "Биздин Кыргызстан" — 31.59;
  3. "Улуттар биримдиги" — 14.82;
  4. "Бир бол" — 7.38.
Саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылды. Азыркы учурда АСУ санагы менен добуштардын 70.61 пайызы саналып бүттү.
Ош шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн сегиз партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0