Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКыздар жаан учурунда. Архив
Кыздар жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
12-июлда республиканын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +21…+26 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы борбордо +32…+34, Ошто +31…+33, Чолпон-Ата шаарында +24…+26 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0