Канча адам шаардык кеңештин депутаттарын шайлады? Саат 18:00гө карата маалымат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги шайлоо участогундагы кишилер
Бишкектеги шайлоо участогундагы кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Бишкекте он сегиз, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатканы маалым.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Үч шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо саат 18:00гө карата 155 707 адам добуш берди. Бул тууралуу БШКнын онлайн маалыматында көрсөтүлгөн.
Мындай көрсөткүч шайлоочулардын жалпы санынын 25.22 пайызын түзөт. Дагы эки сааттан кийин, 20:00дө шайлоо участкалары жабылат.
Шаарлардагы добуш берүүнүн саны:
  • Бишкек – 85 411 адам же шайлоочулардын 20.02 пайызы;
  • Ош – 56 610 же 37.07 пайыз;
  • Токмок – 13 686 же 35.92 пайыз.
Бишкекте он сегиз, Ошто сегиз жана Токмокто алты партия шаардык кеңештин депутаты ордуна ат салышып жатат. Жалпысынан 617 517 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Анын ичинен борбор калаада — 426 699, Ошто — 152 718, Токмокто — 38 100.
Жаңылыктар түрмөгү
0