Жалал-Абадда УКМК кызматкерлерине турак жай курула баштады. Видео

УКМК кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Турак жай комплекси 205 батирлүү, балдар бакчасын, унаа токтоочу жайын жана чакан сейил багын камтыйт. Курулуш өлкөнүн казынасынан эмес, толугу менен шериктеш тараптардын каржылоосу менен жүргүзүлүп жатканын УКМК төрагасы билдирди.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлерине турак жай курулушу башталды. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 11-июль күнү, Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу турак жайдын пайдубалына атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев капсула салды.
"Белгилей кетишибиз керек, бул салынып жаткан үйлөргө мамлекеттик бюджеттен же мамлекеттик ишканалардан каражат алынган жок. Бул биздин шериктештерибиз менен жүргүзгөн чоң саясаттын негизинде, ошолордун жардамы менен салынып жатат", — деди Ташиев.
Турак жай комплекси 205 батирлүү, балдар бакчасы, унаа токтоочу жайы болот, мындан тышкары, чакан сейил багын камтыйт.
Бул көп кабаттуу үйдөн жергиликтүү калк арасындагы үйгө муктаж жарандар үчүн да 10 батир бөлүнүп берилери айтылды.
Буга чейин УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн турак жай курулган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0