Мелдешке 15 мүнөт калганда амал таап... Каныбек Осмоналиевдин Олимпиадага карай жолу

© Sputnik / Данияр СандыбаевДүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев. Архив
Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Легендарлуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиевди көпчүлүк Москва Олимпиадасынын чемпиону катары тааныйт. Бирок спортчунун Олимпиадага карай татаал жолу көпчүлүккө белгилүү эмес.
Токио Олимпиадасына саналуу күндөр калды. Бүт аалам жүзүн бура турган спорттук ири иш-чарада кыргызстандыктар да күч сынашат. Аларга дем-күч болсун деген ниетте Sputnik Кыргызстан радиосуна дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевди чакырып, Олимпиадага карай түйшүктүү жолу тууралуу маектештик.
— Агай, сизди дүйнө эли Москва Олимпиадасынын чемпиону катары билет. Спорттогу өмүр жолуңуз, жетишкендиктериңиз тууралуу абдан көп сөз болгон. Бирок сиздин атыңызды дүйнөгө тааныткан Олимпиадага карай жолуңуз тууралуу көпчүлүк биле бербесе керек. Сиз үчүн бул жол абдан татаал болду. Кандай башталды эле, ким жол көрсөткөн?
— Пайдубал бекем болсо үй бышык болот эмеспи. Андыктан эмгекти сүйүү, психологиялык туруктуулук, тарбия, аракет кичинекей кезде эле башталса керек. Мисалы, ар бир адам жашоодо багытын туура таба алса, кыйынчылыктарга карабай көп мүмкүнчүлүктөрдү ача аларына ишендим. Семён Иткин аттуу машыктыруучуга жолугуп, аны менен таанышып калганым жашоомдогу ийгиликтеримдин негизи болду. Себеби спортто күчтүү машыктыруучу, педагог болбосо талантыңды көрсөтүү татаал болот экен. Бул жеке гана спортко тиешелүү эмес. Кайсы гана тармак болбосун, жол көрсөткөн насаатчы керек. Машыктыруучумдун кесипкөйлүгү, адамгерчилиги, көрөгөчтүгү мени бийиктерге жеткирди. Спортто багымды ачкан машыктыруучумдун эмгеги нар көтөргүс. Агайымдын туура дисциплинасынын натыйжасында үч жылдын ичинде СССРдин спорт чебери болууга жетиштим. 1975-жылы союздук мелдешти утуп, 1976-жылы СССРдин эл аралык даражадагы спортунун чебери наамын алдым. Койгон максаттарыма жете баштаганда машыгууга олуттуу карап, аракетти токтоткон жокмун.
— СССРдин курамасы дүйнөдөгү күчтүү командалардын катарында болгон. Анткени бир эле салмакта көп спортчунун ортосунда күрөш жүргөн. Ошондой күчтүү курама командага кантип кошулуп калдыңыз?
— Оор атлетика боюнча курама команданын катарына кошулуу эбегейсиз чоң эмгекти талап кылган. Бүткүл союздук жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап, коло, күмүш медаль ута баштадым. Атаандаштык абдан күчтүү болгонун ар бир спортчу билчү. Мындайда чыдамы күчтүүлөр гана акырына чейин калган. Бирок эң негизгиси спортто акыл маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле туура тамактануу режимин түзүү бизди башка спортчулардан айырмалап турган.
Советтик мезгилде капиталисттик өлкөлөр менен социалисттик мамлекеттин ортосунда спорттук да, идеологиялык да атаандаштык бар эле. Эл аралык мелдештерде СССРдин атынан эң күчтүүлөрү гана улуу державанын намысын коргогон. Мисалы, оор атлетика боюнча биринчи болуу үчүн бир эле салмакта күчү жагынан бирдей 6-7 спортчу ат салышкан. Алардын көбүнүн Европа чемпионатын, дүйнө биринчилигин утууга чеберчилиги жетмек. Бирок машыктыруучулар ошолордун арасынан жүрүм-туруму, команда менен иштей билгени, спорттук дисциплинасына карап тизмеге кошкон. Киевде СССР биринчилигин утканымда кураманын негизги фаворити Монреаль олимпиадасынын чемпиону Александр Воронин жаракатына байланыштуу мелдешке чыккан эмес. Бирок Палонски, Гнатов, Петров, Андреев сыяктуу күчтүү атлеттер бар эле. Ошондо Воронин жаракатынан толук жакшы боло элек деп мени Европа чемпионатына алып барышты. Бизде чет өлкөгө мелдешке барарда атайын чогулуштар болчу. Мага "Каныбек, турнирде экинчи же үчүнчү орунду алып берсең кубанычта болобуз" дешти. 1978-жылы Чехословакиянын Гавиржов шаарында өткөн ири чемпионатта биринчи орунду алдым. Ошол эле жылы АКШнын Гёттисбург шаарында дүйнө чемпионатына 52 килограмм салмакта кайрадан тизмеге мени коюшту. Кураманын машыктыруучулары дале Воронинге ишенип, ал дайыма фаворит эсептелген. Мен экинчи номерде турнирлерге катышып тургам. Ошондуктан дүйнө биринчилигинде 2-орунга илинсем ыраазы болушмак. Бирок польшалык Тадеуш Голикти артка калтырып, жалпы 240 килограммды көтөрүп, алтын медаль утуп алгам.
— Александр Воронин жаракатынан толук сакайгандан кийин кайрадан мыкты жыйынтыктарды көрсөтө баштаган эле. Аны жеңип алуу канчалык кыйын болду?
— Ар бир мелдеш сайын Москва Олимпиадасы жакындап, көп спортчулар өзүн көрсөтүп, ири спорттук иш-чаранын катышуучусу болууну самаган. Кантсе да Олимпиада деген спорттук мелдештердин эң бийиги да. Воронин эң акыркы учурга чейин ишенимдүү лидер болуп турду. Кыргызда "Күч атасын тааныбайт" дейт эмеспи. Ошондо күчкө ойду, акылды жана тактикалык системалардын баарын кошуп гана аракет кылыш керек эле. Бул жол чындыгында татаал болду. 1979-жылы айтылуу Воронин жаракатынан толук сакайды. Олимпиадалык курама командага кириш үчүн кызуу атаандаштык жүрө баштады. Европа биринчилигине Воронинди алып кетишти. Ал чемпион болуп кайтты. Ал эми СССРдин биринчилигинде андан беш килограмм оор жүктү көтөрүп, союзда мыкты болдум. Жалпы көрсөткүчтөр боюнча Александрдан жакшы жыйынтыкка жетиптирмин. Акыркы тизмени аныктоо үчүн алдыда дүйнө чемпионаты бар болчу. Эч качан жеңил салмакта экиден спортчу турнирде катышкан эмес. Бирок дүйнө чемпионатына мени да, Воронинди да алып бармай болушту. Мелдешке чейин салмак кууп, тиешелүү көрсөткүчтү кармаш керек. Саша экөөбүз бир бөлмөдө калып, чечүүчү мелдешке даярдык көрдүк. Бассам, турсам да жаныман чыкпай жүрдү. Башталганга аз калганда алдын ала таразага түшкөнүбүздө менин салмагым туура 52 килограмм, аныкы 51 килограмм 950 грамм чыкты. Мелдешке 15 мүнөттөй калган. Чүчү кулакта салмакты аныктоого мен биринчи номерди алып чыктым. Ошондо тактикалык амалкөйлүктү колдонууга туура келди. Эгерде таразага түшүүгө кечигип калсаң, эреже боюнча эң акыркы болуп катталасың. Ошентип болгарлардын кургак парына кирип, жука жууркан жамынып, 20 мүнөттөй жатып алдым. Мени көпкө издешиптир. Салмагым 51,7 килограммды түзүп, турнирде Воронинди салмак жагынан утуп алдым. Мындай учурлар адамды чыйралтып, ар түрдүү чечимдерди чыгара билгенге үйрөтөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: болгарлардын кургак парына кирип, жука жууркан жамынып, 20 мүнөттөй жатып алдым. Мени көпкө издешиптир. Салмагым 51,7 килограммды түзүп, турнирде Воронинди салмак жагынан утуп алдым
Встреча чемпионки UFC Валентины Шевченко с фанатами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: болгарлардын кургак парына кирип, жука жууркан жамынып, 20 мүнөттөй жатып алдым. Мени көпкө издешиптир. Салмагым 51,7 килограммды түзүп, турнирде Воронинди салмак жагынан утуп алдым
— Олимпиадалык курамды аныктоодо акыркы чечимди чыгаруу абдан оор болгон. Машыктыруучулар кантип сизди тандап калды?
— Ворониндин катышуусунда өткөн мелдеште аны мен утуп алган учурда да ал биринчи бойдон кармалып турду. Олимпиада чемпионунан мыкты болгонум мага оор атлетикада бир топ кадыр-барк алып келди. Кандай гана мелдеш болбосун, команданы бир дагы жолу уят кылган жокмун. Ошентип кураманын мүчөлөрүнөн кээ бирлери келип, Олимпиадага мени барат десе, башкалары Александр барат деп сөз кыла башташты. Эң кызыгы, машыктыруучулар спортчулардан кураманы аныктоо үчүн ойлорун билип көрүүнү чечип, жашыруун тизмени аныктап көрүшкөн. Мага келип татыксыз атлеттерди чийип салуумду айтышты. Мен каршы болгонумда "анда Олимпиадага барбайсың" деди. Николай Колесников менен чогуу жашайм, жарым орто салмакта Виктор Мазин бар, ал казакстандык. Колесников дүйнөнү, Олимпиаданы уткандыктан аны тизмеден алып салдым. Василий Алексеев, Давид Ригерт, Колесников мени чийиптир, анткени ал Воронин менен дос эле. Мунун баары кийин белгилүү болду да. Анткени ар бири ири иш-чаранын бир бөлүгү болгусу келген. Олимпиадага 20 күн калганда насаатчылар Александр Воронин экөөбүздү жарышка салып көрүп, күчтүүсүн аныктайлы дешти. Бардык жагынан машыктыруучулар байкап көрүштү. Өзүмдү татыктуу көрсөтүп, бир да ката кетирген жокмун. Тагдыр чечүүчү бөлүк мелдешке каттоодон өтүү эле. Бардык салмак боюнча 13 спортчунун баары келди. Аккредитациядан өткөндөрдүн тизмесин 52 килограмм салмактан баштап, "Каныбек Осмоналиев" деп дароо менин атымды атады. Өзүмө келе албай, бир аз түшүнбөй калдым. Бир аздан кийин 56 килограмм салмактагы Юрий Саркисянды чакырды. Ошондо гана Александр Воронин калып, мен СССРдин атынан Москва Олимпиадасына катыша турганымды түшүндүм. Бул менин жашоомдогу эң жоопкерчиликтүү, чоң мааниге ээ, жемиштүү жол болду...
© пресс-служба ГАМФКиСДүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: менин жеке машыктыруучум Семён Иткиндин "Каныбек, артыңда элиң бар. Элиңди уят кылбашың керек. Сени мекениңде күтүп жатышат" деген сөздөрү дайыма эске түшөт
40-летие Московской летней олимпиады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев: менин жеке машыктыруучум Семён Иткиндин "Каныбек, артыңда элиң бар. Элиңди уят кылбашың керек. Сени мекениңде күтүп жатышат" деген сөздөрү дайыма эске түшөт
Менин жеке машыктыруучум Семён Иткиндин "Каныбек, артыңда элиң бар. Элиңди уят кылбашың керек. Сени мекениңде күтүп жатышат" деген сөздөрү дайыма эске түшөт. Кыргыздын атын чыгарайын, ушундай улуу эл бар экенин көрсөтөйүн, кыргыз өңүн дүйнөгө дүңгүрөтөйүн деген изги тилектер менен Олимпиадага жөнөгөм. Ал эми калганы өзүнчө кеп...
Жаңылыктар түрмөгү
0