Бишкектеги шайлоо: УКМК добуш сатып алуу фактысын аныктады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги шайлоо участогундагы аял
Бишкектеги шайлоо участогундагы аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
УКМКдан билдиришкендей, кармалган кишинин жанында шайлоочулардын тизмеси жана кимге акча бергендиги тууралуу маалыматтар болгон.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Шайлоого катышып жаткан партиялардын бири тараптан добуш сатып алуу фактысы катталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
"10-июль күнү Бишкек шаарындагы Ленин районунун №2 аймактык муниципалдык башкармалыгынын жашоочуларына пара берип жаткан жеринен "Эмгек" партиясынын өкүлү К. Э. А. кармалды", — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Бишкектеги шайлоо участогундагы кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Шаардык кеңешке шайлоо: саат 12.00гө карата маалымат
Маалыматка караганда, анын жанында шайлоочулардын тизмеси жана кимге акча бергендиги тууралуу маалыматтар болгон.
"К. Э. А. "Эмгек" партиясынын атынан чыгып жаткан Р. у. Т. аттуу талапкердин көрсөтмөсү менен аталган аймактын жашоочуларына киши башына миң сомдон берип жаткан", — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда шайлоо тилкелеринде эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окусаңыз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0