Ошто шайлоочу добуш бергенден кийин бюллетенди тытып салды. Чоо-жайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовШайлоо участогундагы бюллетендер. Архив
Шайлоо участогундагы бюллетендер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Жазылуу
Калаада 78 шайлоо тилкеси ачылган, шайлоочулардын саны 152 миң 718ди түзөт. Депутаттык орунга сегиз партия ат салышууда.
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ош шаарында №5307 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын бири бюллетенди тытып салды. Бул маалыматты аталган шайлоо тилкесинин төрайымы Гүлбара Алдыракова тастыктады.
Анын айтымында, бюллетенди тытып салган шайлоочу жаңылып, өзү каалабаган партияны белгилеп алганы менен түшүндүргөн. Бул окуя боюнча акт түзүлүп, тытылган бюллетень жараксыз деп табылган.
Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого сегиз партия катышып жатат. Калаада 78 шайлоо тилкеси ачылган, шайлоочулардын саны 152 миң 718ди түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0