Шаардык үч кеңештин шайлоосу: саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүДосрочное голосование на парламентских выборах в Киргизии
Досрочное голосование на парламентских выборах в Киргизии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Бүгүн Бишкек шаарында шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш бергендердин катарында президет Садыр Жапаров да болду.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жергиликтүү кеңештердин депутаттарына шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш бергендердин саны боюнча билдирди.
БШКнын маалымат кызматы Токмокто шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү аяктаганын кабарлады. Бардыгы болуп 20 УШКга депутаттарды тандайм деген арыздар түшкөн. Бүгүн 222 шайлоочунун 203ү добуш берип кеткен.
Развод-инструктаж личного состава столичной милиции по обеспечению общественной безопасности граждан во время повторных выборов  в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Шаардык милициянын эртеңки шайлоого даярдыгы. Сүрөт
Бишкек шаары боюнча 10-июль, кечки саат алтыга карата 179 шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү аяктады, анда 2 276 адам өзүнүн тандоосун жасады. 228 шайлоо тилкенин ичинен 183үнө добуш берүү жөнүндө арыздар келип түшкөн.
Ош шаары боюнча 78 шайлоо участогунун 65инде жарандардан өз тандоосун бүгүн жасай турганы жөнүндө арыз беришкен. 10-июль, саат 18.00гө карата 30 УШК боюнча добуш берүү аяктады. Баш-аягы 1 168 шайлоочунун 1 027си добуш берди.
Айтмакчы, бүгүн Бишкек шаарында шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш бергендердин катарында президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова болду. Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул кадам кечээ мамлекет башчынын жеке коопсуздук боюнча кызматкерлеринин биринен коронавирус катталгандыгына байланыштуу болгонун кабарлады.
"Президенттен коронавирус аныкталган эмес. Бирок Жапаров эпидемиологдордун сунушун эске алып, башкалардын ден соолугуна коркунуч келтирип албоо үчүн обочолонуп добуш берген", — деп түшүндүрүштү.
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоо эртең, 11-июлда өтөт.
Мындан үч ай мурда, жазында өткөн шайлоонун жыйынтыгы добуш берүүдө мыйзам бузуу абдан көп кездешкендиктен жокко чыгарылган эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0