08:47 24 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо (59)
289 0 0

Президенттен коронавирус аныкталган эмес. Бирок ал эпидемиологдордун сунушун эске алып, башкалардын ден соолугуна коркунуч келтирип албоо үчүн обочолонуп добуш берген.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун сакчыларынан COVID чыккандыктан, мамлекет башчы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого добушун бир күн эрте берди.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров башкалардын ден соолугуна коркунуч келтирип албоо үчүн обочолонуп добуш бергендигин билдирди.

Жапаров добушун шайлоо участкасынан сырткары жерден берген.

"Бир күн мурда мамлекет башчынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус катталгандыгына байланыштуу участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурду. Президенттен коронавирус аныкталган эмес. Бирок Жапаров эпидемиологдордун сунушун эске алып, башкалардын ден соолугуна коркунуч келтирип албоо үчүн обочолонуп добуш берген", — деп жазылат маалыматта.

Жапаров кыргызстандыктарды жарандык милдеттерин аткарып, шайлоого катышууга чакырды.

Президенттин маалымат кызматы "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 33-беренесине таянып, шайлоо участкаларына ден соолугуна байланыштуу же башка себептерден улам келе албай калгандар шайлоого бир күн калганда участкадан тышкары жайда добуш бере аларын белгиледи.

Эске салсак, эртең, 11-июлда, Бишкек, Ош жана Токмокто шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо өтөт.

Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо (59)

Тема боюнча

Эртең участкадан тышкары 4 миңдей шайлоочу добуш берет
3000 милиционер тартылат. Шайлоого карата ИИМ күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Белгилер:
Садыр Жапаров, шайлоо, коронавирус, добуш берүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ