Жекшембиге карата аба ырайы

© пресс-служба мэрии города БишкекНовые цветочные композиции в Бишкеке
Новые цветочные композиции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Жекшембиде мурдагы күндөргө салыштырмалуу аптап бир аз кайтып, эң ысык температура 37 градустун тегерегинде болот.
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. 11-июлда күндүз өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Баткен облусунда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Таласта +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +24...+29 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0