Тажик аскерлеринин огунан көз жумган чек арачы Хожиевдин бүлөсүнө үй берилет

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПохороны пограничника сержанта Хуснидина Хожиева в селе Бешкент
Похороны пограничника сержанта Хуснидина Хожиева в селе Бешкент  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Жоокердин табыты Тажикстандан кечээ, 9-июлда, кечки саат ондордо кыргыз-тажик чек арасындагы "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу алып келинген.
ОШ, 10-июл. – Sputnik. Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышууда курман болгон Чек ара кызматынын аскер кызматкери Хуснидин Хожиевдин үй-бүлөсүнө батир берилет. Бул тууралуу маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
Алимбаев президент Садыр Жапаров куралдуу кагылышууда курман болгон чек ара кызматынын аскери Хуснидин Хожиевдин үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, маркумдун жакындарын колдоо максатында Баткен шаарында жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн берүүнү тапшыргандыгын кошумчалады.
Похороны пограничника сержанта Хуснидина Хожиева в селе Бешкент  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Артында уулу калды. Чек арада тажик тараптын огунан курман болгон аскер жерге берилди
Белгилей кетсек, 8-июлда саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын 27 жаштагы аскери Хуснидин Хожиев курман болгон.
Жоокердин табыты кечээ, 9-июлда, саат 22.30да Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери менен Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда кыргыз-тажик чек арасындагы "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу алып келинген.
Хожиевдин сөөгү бүгүн, 10-июль күнү, өзү туулуп-өскөн Лейлек районундагы Бешкен айылында жерге берилди. Артында жубайы жана жалгыз уулу калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0