Лондондо окуп, Нью-Йорк менен Сингапурда иштеген дизайнер Айзат. Ийгилик сыры

© Фото / из личного архива Айзат УмаркуловойКыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании
Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.07.2021
Жазылуу
Манчестерде жашоо эмне экенин Айзат жакшы билет. "Юнайтед" жана "Сити" ойногон маалда көчөдөгү абалды биздин журтташтар жасаган революцияга салыштырат.
Айзат Умаркулова 26 гана жашта, Улуу Британияда билим алып, Нью-Йорк жана Сингапурдун ири ишканаларында тажрыйба топтоого үлгүргөн.
Мекендешибиздин сыры жөпжөнөкөй — кыялдарын орундатуу үчүн ал коркуу жана күмөнсүнүүнү жеңип, алдыга карай жылгандан тайманган эмес. Жеке чыйыры тууралуу ал Sputnik Кыргызстандын окурмандарына баяндап берди.
— Өзүңүз жөнүндө кеп салсаңыз. Кийим дизайнына кандайча кызыгып калдыңыз?
— Ошто төрөлгөм. Бишкекке жер которуп, борбор калаада чоңойдук. Апамдын талыкпай мээнеттенгенин көрүп өстүм. Ал адегенде базарда кийим сатчу, кийин жеке иш түптөп, цех ачууну чечти. Бала кезде ошол жакта эле жүрчүмүн, иштин жүрүшүнө күндө күбө болом. Балалык менен куурчактарга кийим тигүүгө тырышам десеңиз. Апам — дайым мен үчүн өрнөк жана шыктандыруучу инсан. Анын тынымсыз аракеттерине көз салып отуруп, өзүм да бир иш ачкым келчү. Ачыгы, жогорку класстарда келечекте ким болорумду көп деле элестете алчу эмесмин. Бирок болочок тууралуу апам менен баарлашкандан кийин кийим дизайны менен алектенгим келерин аңдагам.
Адистикти аныктап алган соң чет жердеги окуу жайга тапшырууга көп деле баш катырган эмесмин. Мага Кыргызстанда бул тармак чабал өнүккөн сымал туюлар эле. Ошондуктан Англияны, анан да дал Манчестер искусство мектебин тандоону чечтим. 
© Фото / из личного архива Айзат УмаркуловойАйзат Умаркулова 26 гана жашта, Улуу Британияда билим алып, Нью-Йорк жана Сингапурдун ири ишканаларында тажрыйба топтоого үлгүргөн
Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айзат Умаркулова 26 гана жашта, Улуу Британияда билим алып, Нью-Йорк жана Сингапурдун ири ишканаларында тажрыйба топтоого үлгүргөн
— Манчестердеги окуу жайга кантип тапшырдыңыз?
— Адегенде англис тилин өздөштүрүп алуу абзел. Ал эми дизайнерлик үчүн чыгармачыл портфолио да зарыл. Башкысы — мөөнөтүн өткөрүп жибербеш керек!
Эгер чет өлкөдө окугуңуз келсе, анан да стипендия алууну көздөп турсаңыз, документ топтоону акыркыга калтырган болбойт. Билсеңиздер керек, Бишкекте кыргызстандыктарга чет жакта окуу үчүн документ топтоо жана тапшырууга жардамдашкан чакан ишканалар толтура. Ошондой фирмалардын бирине кайрылгам, жаңылбаптырмын. Башта чет өлкөлүк студенттерди даярдаган атайын мектепте окудум, аны бүтүргөндөн кийин гана университетке өттүм.
— Улуу Британияда билим алуу асмандын башындай сезиле берчү мага...
Сотрудница лаборатории в Германии Айтурган Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2021
Европада ийгилик жараткан 23 жаштагы кыргызстандык Айтургандын баяны
— Баары жогорку окуу жайга жараша. Азыр, менимче, инфляциядан улам акы өсүп кетти. Бирок, маселен, сен британиялык окуу жайга тапшырганыңда кандай акы көрсөтүлсө, кымбаттаганына карабастан дал ошол баада аяктайсың.
Мен окуган тушта университеттеги окууга жылына 11 600 фунт төлөнчү, бул болжол менен 16 миң долларга барабар эле. АКШда билим алуу бир аз кымбатка түшөт. Мындан сырткары, Улуу Британияда бакалавриат үч жылга, ал эми магистратура бир жылга созулат.
Ушул мамлекетти тандоомо дагы эки фактор таасир эткен. Менин факультетимде окуунун басымдуу бөлүгүн практика түзөт. Биз эргүү издөө, өз кийим топтомубузду, мүмкүн болгон буюмдарды жаратууну үйрөнчүбүз. 
© Фото / из личного архива Айзат УмаркуловойАйзат Умаркулова: апам — дайым мен үчүн өрнөк жана шыктандыруучу инсан. Анын тынымсыз аракеттерине көз салып отуруп, өзүм да бир иш ачкым келчү
Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айзат Умаркулова: апам — дайым мен үчүн өрнөк жана шыктандыруучу инсан. Анын тынымсыз аракеттерине көз салып отуруп, өзүм да бир иш ачкым келчү
— Манчестердеги жашоо жадыңызда эмнеси менен калды?
— Шаарга бир нече күн дегенде араң көндүм. Англияда климат да, маданият да таптакыр башкача. Суукта көчөгө куртка, өтүк кийип чыксам, тегеректеги балдар-кыздардын баары футболкачан жүрүшкөнү эсимде! Көрсө андай нерсе кадыресе көрүнүш экен. Манчестер Лондонго караганда суугураак, жамгыр дээрлик тынбай жаайт. Кышкысын кар жаабаса да, суугу сөөктөн өтөт.
Жергиликтүү тиричиликке көнүүгө да туура келди. Англиялыктарда бул багытта бардык нерсе: розеткадан тарта крандарга (ысык суу өзүнчө, муздагы өзүнчө агат) дейре бөлөкчө.
Бизнесмен Зафарбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2020
Баары эле жылмайышат… 23 жашында миллион сом тапкан кыргыз жигиттин баяны
Дагы бир кызык жагы: Англиядагы шаарларда үй-жайсыздар жайнайт, анткен менен алар салыштырмалуу жакшы жашашат: кап керебетте уктап, ит багып, акча сурашат. Балким, Британияда жумушсуздук үчүн чоң өлчөмдө жөлөк пул төлөнөрүнөн кабардар чыгарсыздар. Ал өмүр өткөнчө жашоого жетет.
Манчестерде түнкүсүн турмуш кайнайт. Аптанын ар бир күнүндө жергиликтүү тургундардын клубу бар: дүйшөмбү күнү бири, шейшембиде башкасы...
Жума же ишембиде үйдөн чыксаң, жергиликтүү жаштардын болушунча эс алып жатканына күбө болосуң. Ал эми манчестердик эки футболдук клубдун мелдеши тууралуу унчукпай эле коёюн. "Юнайтед" менен "Сити" ойногондо көчөдөгү көрүнүш кандайдыр революцияны эске салат. Бирок эртеси таңда көчөлөрдүн баары жайында, кечээ эч ким таштанды таштабагандай. 
© Фото / из личного архива Айзат УмаркуловойАйзат Умаркулова: мен окуган тушта университеттеги окууга жылына 11 600 фунт төлөнчү, бул болжол менен 16 миң долларга барабар эле. АКШда билим алуу бир аз кымбатка түшөт. Мындан сырткары, Улуу Британияда бакалавриат үч жылга, ал эми магистратура бир жылга созулат
Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айзат Умаркулова: мен окуган тушта университеттеги окууга жылына 11 600 фунт төлөнчү, бул болжол менен 16 миң долларга барабар эле. АКШда билим алуу бир аз кымбатка түшөт. Мындан сырткары, Улуу Британияда бакалавриат үч жылга, ал эми магистратура бир жылга созулат
— Андай шаарда ар ким эле жашап кете албайт окшойт...
— Түк андай эмес! Манчестер — студенттик жылдарды өткөрүү үчүн эң ылайык калаа. Жашоо ал жакта, маселен, Лондонго караганда кыйла арзан. Мисалы, курбум экөөбүз шаардын чок ортосунда мыкты батирди ижарага алчубуз. Бирок баш калаада ошол эле каражатка шаардын чет жакасындагы эски үйдү арендага алууга болот.
Манчестердин борборунда коляска сүйрөгөн же бала жетелеген энелерди сейрек кездештиресиң. Мага шаар калкынын дээрлик 70 пайызын студенттер түзгөндөй сезилчү. Студенттик күндөрүңүздү эсте каларлык өткөрүү үчүн аталган калаада бардыгы бар. Ал жактагыдай иш-чара, майрам, фестиваль, концерт, жарманкени башка бир шаардан кезиктире аларыңыз арсар.
— Кыргызстан менен Улуу Британиядагы турмуштун айырмачылыгын көп кеп кылабыз. Эки өлкөнүн жашоочуларынын окшоштугу барбы?
— Түндүк британиялыктар — түптүз, оюндагысын жашырбаган кишилер. Алар майрамдарды жактырышат, дем алышта үйдө отурушпайт. Бул жагынан бизге окшоштурам, кыргызстандыктар да той-топурга көп барып, түз сүйлөшөт эмеспи. 
© Фото / из личного архива Айзат УмаркуловойАйзат Умаркулова: Түндүк британиялыктар — түптүз, оюндагысын жашырбаган кишилер. Алар майрамдарды жактырышат, дем алышта үйдө отурушпайт. Бул жагынан бизге окшоштурам, кыргызстандыктар да той-топурга көп барып, түз сүйлөшөт эмеспи
Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айзат Умаркулова: Түндүк британиялыктар — түптүз, оюндагысын жашырбаган кишилер. Алар майрамдарды жактырышат, дем алышта үйдө отурушпайт. Бул жагынан бизге окшоштурам, кыргызстандыктар да той-топурга көп барып, түз сүйлөшөт эмеспи
— Окууну аяктаганыңызда эмнеге Кошмо Штаттарга аттандыңыз? Буга эмне түрткү болду?
Саякатчылар алыскы сапарга унаасын камдай турган жабдыктарды сатуучу дүкөндүн ээси Азамат Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2020
Француздардын алдында өлбөгөн төрт шыйрагым калган. Кыргызстандык ишкердин баяны
— Америкада кыялдарымды орундатуу жеңилирээк болот го деп ойлодум. Нью-Йоркто билимимди жогорулатып, тажрыйба топтоону чечтим. Акыры мени бир ишканага кече жана үлпөт көйнөктөрү менен алектенген "көшөгө" артындагы жардамчы кылып алышты. Анткен менен дизайнер катары кыйла дасыктым, ири ишканаларда иш кантип уюштурула турганын ичинен көрдүм. Ошол эле компанияда мода индустриясынын башка өңүтүнө да күбө болдум. Моделдердин кызматы көп учурда катуу четке кагылат.
— Америкалыктар жактырган кече көйнөктөрү кыргызстандыктардыкынан кандай айырмаланат?
— Чынын айтайынбы? Эч айырмаланбайт. Балким, биздин кыздар жупунураак кийимдерди ылайык көрүшөр, бирок кече көйнөктөрү бардык жерде бирдей. Албетте, бул жакта да, аларда да эксперимент жасоого болот, бирок сөлөкөтү кадимки эле. Айтмакчы, Кыргызстанга келген сайын жергиликтүү кыздардын абдан жарашыктуу кийингенин байкайм. Алар модадан артта калбай, кийимдерди жараштырып кийгенди билишет. 
© Фото / из личного архива Айзат УмаркуловойАйзат Умаркулова: студенттик күндөрүңүздү эсте каларлык өткөрүү үчүн аталган калаада бардыгы бар. Ал жактагыдай иш-чара, майрам, фестиваль, концерт, жарманкени башка бир шаардан кезиктире аларыңыз арсар
Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айзат Умаркулова: студенттик күндөрүңүздү эсте каларлык өткөрүү үчүн аталган калаада бардыгы бар. Ал жактагыдай иш-чара, майрам, фестиваль, концерт, жарманкени башка бир шаардан кезиктире аларыңыз арсар
— Америкадан кийин Сингапурга жөнөпсүз. Эмнеге дагы жер которгуңуз келди?
— Тынымсыз өнүгүү жолундагы өлкөлөрдү көрүү мага дайым кызык боло берчү. Создуктура бербейин деп Сингапурдан жумуш караштырууга кириштим. Ошол убакта колумда виза деле жок, тек гана – илгери үмүт!.. Натыйжада мени Versace, Valentino, Balenciaga жана башка бренддер кардарлары болгон бир PR-агенттиктин фэшн (мода) бөлүмү күтүп турган экен. Сингапурда жарым жыл ушул компаниялардын пиар-өкүлү болуп иштеп, алар тууралуу басылмаларга чыккан маалыматтарга көз салып, иш-чараларды өткөрүп, медиа өкүлдөрү жана социалдык медиадагы таасирдүү адамдар менен кат алышчумун.
— Бейтааныш мамлекетке барып, анан да ушундай бир ишканага туш болуу кандай экенин мен элестете да албайм...
— Абдан татаал болду! Биринчиден, сен бөтөн өлкөдө жалгызсың, бул дегеле жеңил эмес. Экинчиден, Сингапурда жашоо арзан дешке болбойт, анан да маданияты башка. Япония же Кытайдагыдай эле мээнеткеч эл жашайт, өмүрүнүн 80 пайызын ишке арнашат.
Жумушка бир саат эрте келгениме карабастан кээде кеңседе түнкү үчкө чейин калар элем. Мындай ири ишканалар менен кызматташууда жаңылыштыкка жол бере албайсың, бийик талаптарга шайкеш иш алып барууга тийишсиң. Бул убакыт аралыгында көп нерсени үйрөндүм, маселен, жеке тартип жана тайм-менеджментти өздөштүрдүм. 
© Фото / из личного архива Айзат УмаркуловойАйзат Умаркулова: Сингапурда жашоо арзан дешке болбойт, анан да маданияты башка. Япония же Кытайдагыдай эле мээнеткеч эл жашайт, өмүрүнүн 80 пайызын ишке арнашат
Кыргызстанка Айзат Умаркулова, окончившая университет Великобритании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Айзат Умаркулова: Сингапурда жашоо арзан дешке болбойт, анан да маданияты башка. Япония же Кытайдагыдай эле мээнеткеч эл жашайт, өмүрүнүн 80 пайызын ишке арнашат
— Сингапурдан эмнеге кеттиңиз?
— Бул өлкөгө мода индустриясын башка өңүттөн көрүү үчүн баргам. Ичинен таанышкан соң баары бир кийим дизайнына көңүлүм көбүрөөк тартарын түшүнүп, Кошмо Штаттарга кайтууну чечтим. Бир аз жүрүп эле Кыргызстанга учуп келип, алган билим жана топтогон тажрыйбамды пайдаланып үй-бүлөмө кол кабыш кылдым.
Математика мугалими Гүлзира Миңбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2020
Бир сом коротпостон чет өлкөгө кантип барып келсе болот? Мугалимдин кеңештери
Апам дал ошол тушта калып боюнча бюро ачып жаткан эле. Ушул чакан бизнести колго алып, бир нече жумушчу жалдап, жергиликтүү ишканалар үчүн калып даярдоого кириштик. Ошондо кыргызстандыктар көп иштеп, аз маяна аларына ынандым. Эмгек акы деңгээли жумшалган күчтү актабайт.
Мекенде 2020-жылдын аягына чейин иштеп, Кошмо Штаттарга кайттым. Башка мамлекеттер сымал эле Америка да пандемиянын жаңы толкунун баштан кечирүүдө. Бул айрыкча чоң шаарларга тиешелүү: Нью-Йорк жана Лос-Анжелесте көпчүлүк үйдөн иштөөдө. Жакында кырдаал турукташат деген үмүттөмүн.
Ушул тапта жеке бизнесимди түптөп, кийим дизайнери катары илгерилөө үчүн "талант грин-картасына" документ тапшырып жатам.
Жаңылыктар түрмөгү
0