Кош бойлуулар канча айында вакцина сайдырса болот? Эпидемиологдун жообу

© AFP / JOEL SAGETСитуация в Франции из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Франции из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Адис эмдөөнү курсактагы баланын органдары жана системалары калыптанганда жүргүзсө мүмкүн экенин белгилеген. Бул кош бойлуулуктун 28-40 жумасы.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Боюнда бар келиндер канча айында вакцина алса болорун Роспотребнадзордун алдындагы Эпидемиология борборунун илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, профессор Александр Горелов РИА Новостиге айтып берди. 
"Вакцинаны кош бойлуулуктун үчүнчү триместрде (28-40 жума), баланын бардык органдары жана системалары калыптанганда жүргүзсө болот", — деген эпидемиолог.
Ал Израилде эмдөөдөн өткөн аялдар дени-карды соо бала төрөгөнүн, антитело энеде дагы, балада дагы пайда болгонун белгилеген.
Айрым адистер вакцинаны кош бойлуулар, бала эмизгендер, жашы жете электер жана курч кармаган оорусу барлар алганга болбойт деп айтышканы маалым.
Жаңылыктар түрмөгү
0