22:10 16 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Коом
Кыскача шилтеме алуу
82 0 0

Буга чейин интернетте мобилдик бригада бейтап оор абалда болсо гана келе турганы, ошондой эле медиктерди чакыртууда дагы башка талаптар коюлганы айтылган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев 118 линиясы аркылуу мобилдик медициналык бригада кандай иштей турганын түшүндүрдү.

Ага чейин социалдык тармактарда колл-борборго билдирүү түшкөндөн кийин мобилдик бригада бейтап оор абалда болсо гана келе турганы жазылган. Ошондой эле дарыгерлер жумушсуздарга жана Социалдык фондго чегерүү жүргүзбөгөндөргө барбай тургандыгы маалымдалган.

Жангазиев түшүндүргөндөй, мобилдик топ оорунун жеңил жана орточо оор симптому бар жарандарга жөнөтүлөт. Башка учурларда бейтаптар атайын тез жардам унаалары менен ооруканага жаткырылышы керек.

"Камсыздандырылган адамдын жумушунун же полисинин жоктугу тууралуу айтылган сөз толук абсурд! Калкка туура эмес маалымат таратпоону суранам. Баарына ден соолук каалайм", — деп жазган министрдин орун басары Facebook баракчасына.

Буга чейин Бишкек мэриясы 118 номерине жалган, убара кылган маалыматтарды калтырбоону өтүнгөн.

Тема боюнча

Мобилдик бригадалар көбөйөт. Новиковдун COVID менен күрөшүү боюнча тапшырмасы
Новиков: Бишкекте мобилдик бригадалар көбөйтүлүп, тынымсыз байланыш иштейт
Белгилер:
Бишкек, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, мобилдик топ, чакыруу

ЭҢ МААНИЛҮҮ