Кыйроо алдындабыз! Депутат Кыргызстандагы коронавирус боюнча пикирин билдирди

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Эл өкүлү өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал курчугандан-курчуп бара жатканын айтып, бийликке саламаттык сактоо министрин алмаштырууну сунуштаган.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Парламент менен Башкы прокуратура бийликтин коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-аракетин текшериши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Facebook баракчасына жазды.
"Бийлик "коронавирус менен күрөшүп жатабыз" деп ишендиргени менен кырдаал курчугандан-курчуп бара жатат. Күнүнө миңдеген адамдан вирус табылып, өлүм да азайбай келет. Ооруканаларда орун жок, вакцина жок. Өкмөт аны эми гана сатып алганы жатат, балким, албайт дагы. Бизге акысыз берилген вакцинаны да ташып келе албай жатабыз. Учак жок. Антейин десең жетекчилер командировкаларга, дарыланууга учуп эле кетип жатышат. Министр болсо "вакцина адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип калышы ыктымал" деп отурат. Кыргызстанда ансыз деле скептиктер көп, дарыгер мындайды айтып жатса, анда биз кыйроо алдында турабыз. Жакында дүйнө бизди дубал менен курчап коёт", — деп тынчсызданган Никитенко.
Министр здравоохранения КР Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Антитело пайда болбоптур. Бейшеналиев COVID жуктурган себебин түшүндүрдү
Депутат бийлик кызыл зонада иштеген медиктерге акысын төлөп бермек тургай, аларды тойгуза албай жатканын белгилеп, саламаттык сактоо тармагына колунан иш келген, тажрыйба жагынан күчтүү адамды алып келүү зарылдыгына токтолгон.
"Тыңыраак министрди дайындап, штабдын ишин күчөтүү керек. Министрлер кабинети, президенттин аппараты, жок дегенде ушул ишти колго алып, иштеп баштагылачы!" — деген Никитенко.
Эл өкүлү Жогорку Кеңеш менен башкы прокуратура бул кылмышты иликтеп башташы керектигин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0