Эртең участкадан тышкары 4 миңдей шайлоочу добуш берет

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял добуш берип жаткан учурда. Архив
Аял добуш берип жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Участкадан тышкары добуш берүү укугу Бишкек шаарында 2 602, Ошто 1 168 жана Токмокто 222 шайлоочуга берилген.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо участкадан тыш добуш берүү үчүн 3 992 адамдан арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Бюллетеньге печать коюп жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
БШК Бишкек, Ош, Токмок шаарларына шайлоо бюллетендерин жиберди
Бул категорияга майыптыгы бар жана үйдөн чыга албаган улгайган адамдар кирет. Ошондой эле ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар, алыскы жайлоодо жүргөндөр кошулат.
Калктуу конуштан алыс жайгашкан аскерлер, шайлоо күнү кызмат өтөгөн ИИМ кызматкерлери да көчмө урна аркылуу добуш берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0