COVID: Бишкектеги жана шаар четиндеги бош орун бар стационарлардын тизмеси

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Дартты дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 18 оорукана даярдалган. Учурда анын 12синде орун бар.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 12 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 115 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, дартты дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 18 оорукана даярдалган. 9-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча анын 12синде бош орун бар.
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана —11;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 3;
  • № 1 клиникалык оорукана — 4;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 2;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 10;
  • Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 6;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 7;
  • Республикалык наркология борбору — 8;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 34;
  • Аскер госпиталы — 5;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 16.
Өткөн суткада өлкөдө 1 319 адамдан коронавирус табылып, 10 бейтап каза болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0