Россия киносунун "сыйкырчысы" менен негизги нерсе кошо кеткендей...

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАктер жана режиссер Владимир Меньшов. Архив
Актер жана режиссер Владимир Меньшов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
Кино ааламы Владимир Меньшов менен коштошуп турат. Анын кинорежиссурадагы алгачкы дебюту "Розыгрыш" тасмасы болгон. Анда протагонисттер, онунчу класстын окуучулары Игорь Грушко жана Олег Комаровский адамдын күчү эмнеде экенин атаандашып аныктамакчы болушат.
Күч чындык жана адилеттүүлүк тарапта экени билинет. Чынчылдык жыргалчылыктан маанилүү деп эсептеген Грушко аны коргоп калууга чыгат, ал эми бул 16 жашар уланга оңойго турбайт...
Меньшов башкы роль үчүн ылайыктуу актёрду жайнаган сүрөттөрдүн арасынан көпкө издегенин айтышат. Натыйжада көк көздүү айылдык өспүрүмдү тандайт. Аны өнөрпоз өзүнө окшоштурган дешет.
Тартынчаак, бирок өжөр жигит актёрдук факультетке кабыл алынганча төрт ирет аракет кылган. Эми болбой калды дегенде кол куушуруп отурбастан дагы бир ирет бактысын сынап көрөт. Ошол соңку аракети аны жеңишке жеткирет.
Эми башка Жамал жаралбайт. Элдин Сейдакматова менен коштошкон видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Эми башка Жамал жаралбайт. Элдин Сейдакматова менен коштошкон видеосу
Владимир Меньшов ушул тасмага киришкен маалда беш образды жараткан эле. Жоош, бир аз оройлугу бар, "биздин жигит" дегенге бардык жактан дал келип турса да, Меньшов дагы көптү багындыргысы келген. Бардык таланттуулардай эле ал өзүнөн, тагыраагы, өзү эң маанилүү деп эсептеген нерсени ааламга жар салууну самаган. Меньшов үчүн жакшылык баарынан бийик эле...
Флобер мадам Бовари тууралуу "Эмма — бул мен" деп белгилегендей эле "Москва слезам не верит" тасмасындагы Катя Тихомирова туурасында: "Катя – бул мен" десе жарашмак...
Каарманындай эле өзү да чыгармачылык, турмуштук ийгиликке жетүү үчүн кара жанын карч урган. Ошол каарманы сымал эле турмушту түшүнгөн убакта ал аны дал өзүндөй кабыл ала баштаган.
"Москва слезам не верит" бүгүнкү күндө советтик жашоонун энциклопедиясы катары кабылданат. Анда баары – билим жана илимге умтулуу, акыйкатты издөөдөн тайбай жана ага жетүүгө тырышуу, үй-бүлөлүк баалуулукту туу тутуу, артка кылчактабастан жана көп нерсени курмандыкка чалуу менен баарын жаңыдан баштай билүү жөндөмүбүз камтылат.
Арбап турган жылуулук жана назиктик да бизге таандык, бул – биз таянган, биз жөлөнгөн дос же курбубуз тоскон ийин, эң башкысы – жакшылыкта да, жамандыкта да бири-биринин жанында болушу. Бүтүндөй ошол маданий код Меньшов тарабынан ушунчалык ынанымдуу жана жүрөктүн тереңинен түнөк тапкандай деңгээлде берилген.
Темир Сариев поздравил драматурга, прозаика Бексултана Жакиева с 80-летием - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
"Чоңко эненин" жомогуна канып... Бексултан Жакиев жөнүндө 8 факты
"Москва слезам не верит" тасмасы "чет тилдеги эң мыкты фильми" катары 1981-жылы "Оскар" сыйлыгына татыган.
Тасма элге сунушталгандан он жылдан кийин бизге бөлөк баалуулуктардын доору баш баккан. Баягы жылуулук дегенден кабар жок, суктануунун ордун эсеп жана прагматизм ээлеп калган.
Чынчылдык эрдик катары саналган дүйнө заматта урап түшкөн. Ошондон он жыл өтпөй жаңы үмүттөрдүн бутактары байкала баштайт. Башында эмне болгон күндө да түйшөлүүлөр унутулуп, үмүт шооласы жанат.
Меньшов каарманы – мурдагы сүйгөнүнө баарын уттуруп, 40 жашка келген Катя аркылуу айтып кеткендей: "Жашоо эми гана башталат"...
Дал ушулар үчүн, Владимир Валентинович, сизге ыраазычылык менен терең таазим этебиз. Арабыздан кеткениңизге каңырыгыбыз түтөйт. Бирок сиздин тасмалардан сабак алгандай биз өз күчүбүзгө таянып, акыйкаттыкты коргоп, көз жашыбызды аарчып туруп махабатка ишенүүдөн тайбайбыз.
Калганы баары болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0