Биздин дарыгерлер батына албады! Ташиев эмнеге чет өлкөдөн дарыланганын айтты

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВизит председателя ГКНБ Камчыбека Ташиева в Узбекистан
Визит председателя ГКНБ Камчыбека Ташиева в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Ташиев февралда чет өлкөдө операция жасатканын, кайра эки айдан кийин дагы барып кароодон өтүшү зарыл болгонун белгиледи.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын дарыгерлери батына албагандыктан чет өлкөдөн операция жасатууга аргасыз болгон. Бул тууралуу ал маалымат жыйында айтты.
"Эмне үчүн өзүбүдөн эмес, чет өлкөгө барып дарыланат деген кептерди угуп жатам. Муну айтпай жүрдүм эле, азыр айтканга туура келип жатат. Мен ооруга чалдыкканда, сөзсүз түрдө чет өлкөдө операция кылууга туура келди. Себеби бул жактагы биздин дарыгерлер операция кылууга батына алышпады. Андыктан чет өлкөгө барууну сунушташты", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал февралда чет өлкөдө операция жасатканын, кайра эки айдан кийин дагы барып кароодон өтүшү зарыл болгонун белгиледи.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Ташиев: Орхан Инандыны февраль айында уурдашкан, биз куткарып калганбыз
"Мамлекетибиздеги кооптуу кырдаалдан улам мен беш айдан кийин барып текшерилип келдим. Мына көрүп жатасыңар, энергия топтоп келип маалымат жыйын берип жатам. Азыр баары жакшы. Алдын ала айтып коёюн, алты айдан кийин да барып текшерилем. Ошондо дагы кетип калды дебегиле", — деди УКМК төрагасы.
Эске салсак, 2020-жылдын ноябрь айында Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөн. Ал эми 2021-жылдын февраль айында Германияда жүрөгүнө операция жасалган.
Апрель айынын соңунда дагы Германияга кетип, бирок кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам кайтып келген. Соңку ирет Ташиев 2-июлда ден соолугун калыбына келтирүү үчүн кайра учуп кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0