Ташиев: Афганистандагы качкындар Кыргызстандын аймагына да кириши мүмкүн

© Sputnik / Сайед Али / Медиабанкка өтүүБеженцы из провинции Газни в Афганистане
Беженцы из провинции Газни в Афганистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
УКМК төрагасынын айтымында, Афганистандагы кырдаал Тажикстан менен Өзбекстанга эле эмес, Борбор Азиянын бүт аймагына коркунуч алып келиши мүмкүн.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Афганистандан чыккан качкындар Кыргызстандын аймагына да кириши ыктымал. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып билдирди.
Анын айтымында, Афганистандагы кырдаал Тажикстан менен Өзбекстанга эле эмес, Борбор Азиянын бүт аймагына коркунуч алып келиши мүмкүн.
"Америка Афганистандан аскерлерин чыгарып кетери менен ислам кыймылдарынын мүчөлөрү Борбор Азия мамлекеттерине багыт ала баштады. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Сириядагы согушкерлер Афганистанда кырдаал курчуганда аталган мамлекет аркылуу кайра кайта баштады. Ал жакка биздин да жарандар кеткен. Борбор Азиядагы башка мамлекеттер менен кошо биз да сырткы коркунучка даярдык көрүп жатабыз. Бул маселе боюнча иштер активдүү жүрүүдө", — деди Ташиев.
Сом жана доллар купюралар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
6 млрд. сом кайтарылды. Ташиев кимден канча акча өндүрүлгөнүн санап берди
Ал журналисттин "Тажикстан ЖККУдан жардам сураса Кыргызстан да көмөк көрсөтөбү?" деген суроосуна "ооба, ЖККУнун алкагында жардам көрсөтүүгө туура келет" деп жооп берди.
Эске салсак, "Талибандын" согушкерлери АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кете баштаганда, тагыраагы, июнь айынын ортосунан тарта күч алган. Өкмөттүн күчтөрү менен талибдердин ортосундагы аёосуз кагылышуу чек арада жайгашкан төрт облуста болуп жатат. Согушкерлердин карамагына Бадахшан провинциясынын бир нече аймагы өтүп, афган чек арачылары аргасыздан Тажикстандын аймагына кире баштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0