Кесиптик орто билим берчү окуу жайлардагы бюджеттик орундардын саны бекитилди

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКесиптик колледждердин биринин студенти. Архив
Кесиптик колледждердин биринин студенти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигине 2 309 орун бөлүнгөн. Эң азы (60 орун) Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине берилет.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. 2021-2022-окуу жылына кесиптик орто билимге окутууда билим берүү уюмдарына окууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон. 
2021-2022-окуу жылына 4 131 бюджеттик орун каралган.
Министрлик жана ведомстволордун маалыматына ылайык, бюджеттик орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
  • Билим берүү жана илим министрлиги - 2309 орун;
  • Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги - 1335 орун;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги - 427 орун;
  • Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги - 60 орун.
Жаңылыктар түрмөгү
0